Акбар Абдуллаев атаандашын 19 секундда нокаутка кылып, UFC'нин мушкерине айланды

Кыргызстандык Акбар Абдуллаев (14-0) UFC мушкери болду.

16-сентябрда таң эрте ал «Dana White's Contender Series» турниринде күч сынашты. Анын атаандашы бразилиялык Эднилстон Сантос (14-8) болду.

Беттеш болгону 19 секундага созулуп, кыргызстандык мушкер биринчи эле сокку менен атаандашын нокаутка кетирди.

Турнирден кийин кыргызстандык спортчу лиганын президенти Дана Уайттан UFC менен келишим алды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз