Нуржигит Сапарбаев келечекте чоң спортту багынткысы келет

Спорт — бул жөн гана мелдеш эмес. Бул — табит менен мүнөздүн чыңалышы, кайраттуулук, чыдамкайлык жана өлкөнүн желегин бийик көтөрүүгө болгон ынтызарлык. Бүгүнкү күндө кыргыз спортунун пайдубалын түптөп, эл аралык ареналарда мамлекетибиздин намысын коргоп жаткан жаш муундун катары өсүүдө. Алардын арасында өзгөчө эмгекчилдиги, майтарылбас эрки  жана максаттуулугу менен айырмаланган жаш спортчу — Нуржигит Сапарбаев да бар.

Ал Ош облусунун Өзгөн районундагы  Мырза-Арык айылында 2012-жылы 20-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Сапарбаев Нуржигит Шайырбекович  бүгүнкү күндө жаш таэквондочу, грэпплинг жана джиу-джитсунун келечектеги жылдызы катары таанылып келе жатат. Анын кичинекей жүрөгүндө калыптанган чыдамкайлык, эмгекчилдик жана спортко болгон чоң кызыгуу алты жашында эле байкала баштаган.

Шайырбек уулу Нуржигиттин билим алуу жолу 2018-жылы Куршаб айылындагы №5 Ленин атындагы орто мектептен башталган. Азыркы учурда ал Өзгөн районундагы №14 Абдулла Таңатаров атындагы орто мектепте  8-класста окуп жатат. Мектептеги сабактарында да активдүү, тартиптүү окуучу катары мугалимдеринин сыймыгы.

Бирок анын негизги жетишкендиктери спорттук ареналарда болуп жаткандыгын баса белгилөө зарыл. Анын спорттогу алгачкы ийгиликтери Мырза-Арык айылында өткөн мелдеште 30 кг салмак категориясында 3-орунду, андан кийин 35 кг салмактагы мелдеште  1-орунду багындыруу менен башталган. Ал грэпплинг жана джиу-джитсу боюнча бир нече турнирлерде күч сынашып, жеңиштерге жетишти. Бул жеңиштер анын көтөрүлүп бараткан спорттук дараметинин далили болуп калды.

Ош облусунун жиу-житсу жана грэпплинг боюнча ачык турниринде 1-орунду, “Мырза-Арык” спорт клубунун достук мелдешинде 38 кг салмакта 1-орунду, ошондой эле "AIGA" федерациясынын турниринде 2-орунду  жетиштирди. Бул анын чыдамкайлык жана машыгуунун үзүрүн көрсөткөн сыймыктуу жыйынтыктары.

Анын ийгиликтери жергиликтүү эле эмес, андан жогорку деңгээлде да таасын байкалып жаткандыгы сыймыктандырат. Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен өткөн “EFC CONTENDERS” турниринде ал 2-даражадагы диплом менен сыйланды. Облустун Араван районунда өткөрүлгөн турнирде ал 1-орунду камсыздай алды. Ал жакында грэпплинг күрөшүндөгү кулатуу эртаймаш улуттук күрөшү боюнча  Чолпон-Атада өткөн фестивалга  жигердүү катышып, 45 кг салмактагы таймашта 1-орунду ээлеп, жеңүүчү аталды. Ошондой эле гэпплинг күрөшү боюнча 45 кг салмактагы эл аралык мелдеште 1-орунду камсыз кылды. Мунун баары, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш спортчунун дээринде бар артыкчылыгынын жогору экендигин айгинелейт.  

Машыгуудан башталган жол жана устаттын орду

Нуржигиттин спортко болгон кызыгуусу кичинекей кезинен эле байкалган. Башка теңтуш балдар бош убактысын көңүл ачууга жумшап жатканда, ал машыгуу залында тер төгүп, ар бир кыймылды, ар бир ыкманы так аткарууга аракет кылды.

Албетте, ар бир спортчунун ийгилигинин артында анын талыкпас эмгеги менен бирге тажрыйбалуу устаттын орду чоң. Жаш спортчунун туура жолдо калыптануусуна, чеберчилигинин өсүшүнө жана ар бир жетиштирип жаткан жеңишине анын машыктыруучусу Сакыев Асмат агайдын кошкон салымы баа жеткис. Асмат агай өз шакиртине спорттун сырларын гана үйрөтпөстөн, туруктуулукка, тартипке жана чоң максаттарды коюуга тарбиялап келет. Устат менен шакирттин ортосундагы бекем ишеним жана биргелешкен талыкпас эмгек өз жемишин бербей койгон жок.

“Спортто кокусунан келген жеңиш болбойт. Ар бир медаль — бул миңдеген сааттык машыгуунун, чыдамкайлыктын жана жеңилүүгө макул болбогон рухтун натыйжасы”, - дейт жаш спортчунун машыктыруучусу, “Мырза-Арык” спорт клубунун жетекчиси Сакыев Асмат агай . 

Улуттук спортубузду даназалаган устат 

Элдик спорт — бул элдин руху жана тарбиясы. Ата-бабадан калган күрөш өнөрүн бүгүнкү мектеп окуучуларына үйрөтүп, аларды чыныгы эр жигит кылып тарбиялап жаткан инсандардын бири — Өзгөн районунун Мырза-Арык айылындагы “Мырза-Арык” күрөш спорт клубунун жетекчиси Сакыев Асмат агай. Ал көп жылдардан бери күрөш менен жаштарды машыктырып келет. Анын клубуна айылдын мектеп окуучулары, жаш жигиттер келип, күчкө, тартипке жана эмгекчилдикке үйрөнөт. Ал үчүн күрөш жөн эле спорт эмес, бул — улуттук нарк, эр жигиттин мектеби. 

Асмат агайдын эмгегинин жемиши катары клубдун спортчулары республикалык "Нооруз", "Эгемендүүлүк күнү" жана облустук мелдештерде дайыма байгелүү орундарды ээлеп келүүдө. Алардын ичинен өзгөчө белгилей турганы — 8-класстын  окуучусу, 45 кг салмактагы күрөшчү Сапарбаев Нуржигит Шайырбекович. Ал күрөштүн алгачкы кармоосун, ыргытуу техникасын так Асмат агайдан үйрөнгөн. Машыктыруучу анын күчтүү денесин, ылдамдыгын жана жеңилбес мүнөзүн көрүп, аны чоң спортко багыттап келатат. 

Бүгүнкү күндө  45 кг салмактагы Нуржигит — облустук мектеп окуучулары арасындагы чемпионаттың жана республикалык турнирлердин байге ээси. Ар бир алган медалынын артында Асмат агайдын сабактан кийинки машыгуулары, улуу устаттын насааты жана колдоосу турат. Асмат агай шакирттерине дайыма: “Килемге чыкканда күчүңдү эмес, акылыңды жана элдин намысын көрсөт. Окууңду да мыкты оку” — деп үйрөтөт. Ошондуктан анын балдары спортто гана эмес, мектепте да үлгүлүү окуучулар болуп калыптанууда.

Бүгүн “Мырза-Арык” күрөш клубу Өзгөн районунун улуттук спортун өнүктүрүү борборлорунун бири болуп калды. Бул Асмат агайдын талыкпаган эмгегинин, жаштарга болгон ишениминин натыйжасы.

Сүрөттө: жаш спортчу жана машыктыруучу Асмат Сакыев. 

Спорттук мелдештер жана жетиштирген жеңиштер 

Республикалык мелдештерден баштап, аймактык жана эл аралык мелдешке чейин катышкан Нуржигит Сапарбаев өзүнүн спорттогу чеберчилигин бир нече ирет далилдей алды. Агайынын иштеп чыккан тактикалык пландары жана кеңештери менен килемге (же рингге) чыккан сайын Нуржигит чечкиндүүлүгүн, атаандашын туура баалай билгендигин көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болууда.
Анын акыркы утуштары спорт сүйүүчүлөрүн гана эмес, жалпы мекендештерибизди сыймыкка бөлөдү. Атаандаштары канчалык тажрыйбалуу болбосун, Нуржигиттин жеңишке болгон умтулуусу аны дайыма пьедесталдын жогорку тепкичине алып чыгууда.

Келечекке кадам жана улут сыймыгы

Нуржигит жөн гана жыйынтык үчүн эмес, кыргыздын кызыл туусун чет өлкөлөрдө бийик желбиретүү үчүн машыгуулардан өтүп жатат. Анын максаттары чоң: алдыда аны дагы далай дүйнөлүк чемпионаттар жана ири мелдештер күтүп турат. 

Нуржигит Сапарбаев — келечекте кыргыз спортунун атын тааныта турган жаш муундун өкүлү. Анын жетишкендиктери мугалимдерине, машыктыруучуларына жана ата-энесине да чоң кубаныч тартуулап келет. Ал өзү жаш болгону менен, максаты бийик. Келечекте Кыргызстандын атынан дүйнөлүк аренага чыгуу менен чоң спортту багынткысы келет. 

Анын  спортко болгон мамилеси, тартиби жана эмгекчилдиги артында өсүп келаткан жаш муундарга чыныгы үлгү. « Мени спортко чакырган, бала кезден мага машыктырып дем берген  Сакыев Асмат агайга ыраазычылык билдиремин. Башкысы, спортто өз каалооңо терең ишенүү керек, талыкпай эмгектенүү женишке жеткирет», — дейт жаш спортчу.  

Шайырбек уулу Нуржигитке жана анын машыктыруучусу Сакыев Асмат агайга алдыдагы мелдештерде ак жол, бекем ден соолук жана жаңы жеңиштерди каалайбыз. Кыргыз спортунун жылдызы мындан да жаркырай берсин! Асмат агайдын эмгеги элге үлгү, Нуржигиттин жеңиштери көбөйө берсин!

А.МАТИЕВА.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз