Эл жүрөгүндө калган обончу - Бабаравшан Тургунбаев тууралуу эскерүү

 
Адамдын бул дүйнөдөгү өмүрү ченелүү болгону менен, анын артында калтырган жакшы аты, эмгеги, чыгармачылыгы жана элге тартуулаган руханий мурасы өмүрдөн да узак жашайт. Айрыкча өнөр адамынын өмүрү анын өзү жараткан чыгармаларында уланат. Кээ бир адамдардын обону бир муун менен чектелбестен, кийинки муундардын да жүрөгүнө жетет.
 
Кыргыздын обон дүйнөсүндө өзүнүн татыктуу ордун ээлеген таланттуу композитор, обончу жана аткаруучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бабаравшан Тургунбаев дал ошондой өнөр адамдарынын бири эле.
 
Бабаравшан Тургунбаев 1953-жылдын 17-майында Баткен облусунун Лейлек районунда жарык дүйнөгө келген. Анын чыгармачылык жолу 1970-жылдардан башталган. Жаш кезинен эле музыкага болгон шыгы, чыгармачылыкка болгон кызыгуусу анын кийинки өмүр жолун аныктап, кыргыздын музыкалык өнөрүнө кызмат кылууга алып келген.
 
Өнөргө арналган өмүр
 
Бабаравшан Тургунбаевдин чыгармачылык жолунда өзгөчө маанилүү учурлардын бири – 1974-жылы акын Абдырасул Токтомушевдин сөзүнө жазылган «Махабат» аттуу ыры. Бул чыгарма анын обончулук жолундагы алгачкы олуттуу кадамдардын бири болгон. Кийин анын чыгармачылык казынасы улам толукталып, эл арасында кеңири тараган көптөгөн ырлар жаралган.
 
Анын «Туулган жерге» («Туулган жерим асыл турагым»), «Унутпаймын», «Неге түшкө киресиң?», «Түнкү серенада» сыяктуу чыгармалары кыргыз музыка сүйүүчүлөрүнө жакшы тааныш болуп калды. Айрыкча туулган жерге болгон сүйүүнү, адамдык сезимдерди, мекенчилдикти жана турмуштун ар кыл көрүнүштөрүн обон аркылуу жеткирген чыгармалары угармандардын жүрөгүнөн орун алды.
Анын чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү – обондорунун элдик угумга жакындыгында. Бабаравшан Тургунбаев обон жаратууда тексттин ички маанисине, сөздүн табиятына өзгөчө көңүл бурган. Бир жолку маегинде ал «Махабат» ырынын обонун 1974-жылы мектепте иштеп жүргөндө жаратканын, ырдын сөзүн окуганда ага мурда жаралган обондун төп келерин түшүнгөнүн айтып берген.
 
Лейлек менен Ошту байланыштырган чыгармачылык тагдыр
 
Бабаравшан Тургунбаевдин чыгармачылык өмүрүндө Лейлек районунун өзгөчө орду бар. Ал өзүнүн туулган жеринде маданият тармагында эмгектенип, Лейлек районунун Маданият үйүндө иштеген, мектептерде мугалимдик кесипти да аркалаган. Кийин балдар бакчасында музыкадан сабак берип, жаш муундардын музыкалык дүйнөсүн калыптандырууга салым кошкон.
 
Анын чыгармачылыгы кесиптик сахна менен гана чектелген эмес. Ал эл менен тыгыз байланышта жашап, айылдык маданий чөйрөдө эмгектенген. Балдар үчүн да чыгармаларды жараткан. Өзүнүн маегинде «Биздин бакча», «Байчечекей» сыяктуу ырлары Кыргызстандын бала бакчаларында ырдалып жүргөнүн айткан.
1989-жылы Лейлектен Ошко көчүп келген. Ал бул кадамын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максаты менен байланыштырган. Ошто да чыгармачылык ишин улантып, өмүрүнүн акыркы жылдарында Р. Абдыкадыров атындагы Ош областтык филармониясында эмгектенген.
 
Ошентип, анын чыгармачылык тагдыры Лейлек менен Ошту, айылдык маданий чөйрө менен кесиптик сахнаны байланыштырган өзгөчө жол болду.
 
Өнөр адамындагы жөнөкөйлүк
 
Бабаравшан Тургунбаев тууралуу сөз болгондо анын чыгармачылыгы менен катар адамдык жөнөкөйлүгү да эске түшөт. Чыныгы таланттын дагы бир белгиси – өзүн элден жогору койбой, эл менен бирге жашай билүүсү.
 
Ал чыгармачылык жолунда борбордук сахнага умтулуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө да ачык айтып, Бишкекте теле-радио, студиялар жана чыгармачылык инфраструктура көбүрөөк экенин белгилеген. Бирок ошого карабастан, туулган жеринен алыстап кетпей, өз өлкөсүнүн маданий турмушуна кызмат кылган.
Мына ушул жагынан алганда Бабаравшан Тургунбаевдин өмүр жолу жаш таланттар үчүн чоң сабак десек болот. Өнөрдүн бийиктиги дайыма эле чоң шаарларда же чоң сахнада өлчөнбөйт экен. Чыныгы талант – кайсы жерде болбосун өз элинен күч алып, өз элине кызмат кылат турбайбы.
 
Жеке эскерүү
 
Бабаравшан Тургунбаевди эскергенде анын обондору гана эмес, адам катары калтырган таасири да маанилүү.
 
Биздин балалык кезибиз 1970-80-жылдарга туш келди. Ал мезгилде айыл жеринде телевизордун өзү тургай, азыркыдай маалымат булактары да жок болчу. Музыка дүйнөсүнө биз негизинен радио аркылуу аралашчубуз. Айрыкча жекшемби күндөрү берилүүчү «Суроолор боюнча концертти» чыдамсыздык менен күтүп, аны аябай берилип укчубуз. Радиодон жаңырган ар бир ыр, ар бир обон ошол кездеги балалык дүйнөбүзгө өзгөчө таасир калтырчу.
Ошол мезгилдеги элдин жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салып, кыргыз обон өнөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон обончулардын катарын Р. Абдыкадыров, Ж. Алибаев, С. Жумалиев, М. Эсенбеков, К. Тагаев, Т. Казаков, А. Атабаев, Т. Эшбаев, Б. Тургунбаев сыяктуу таланттуу инсандар толуктап турушкан. Алардын ар биринин өзүнө таандык чыгармачылык жүзү, обон жаратуу манерасы, угармандын жүрөгүнө жеткен өзгөчө дүйнөсү бар эле.
Бүгүн ошол жылдарды эстесем, радиодон жаңырган обондордун арасында Бабаравшан Тургунбаевдин чыгармалары да өзгөчө орунда турганын сезем. Ал кездеги жаш муун үчүн обон жөн гана музыка эмес, ал жашоонун бир бөлүгү, жүрөктүн үнү, сезимдердин тили болчу.
 
Мен сөз кылып жаткан каарман – Бабаравшан Тургунбаев менен жыйырма жылдай жоро-жолдош болуп, жакшы-жаманды, кубаныч менен кайгыны бирге бөлүшүп жүрдүм. Биздин жолубуз көбүнчө Ош мамлекеттик университетинин маданий-массалык иш-чараларында, ар кандай чыгармачылык жолугушууларда, той-топурларда кесилишчү. 
 
Аны жакындан билгендер үчүн Бабаравшан ака биринчи кезекте таланттуу обончу гана эмес, адамга жылуу мамиле кылган, сөзгө токтолгон, жөнөкөй жана чыгармачылык дүйнөсү кең инсан катары эсте калары шексиз.
 
Адамдын чыныгы портретин анын кызмат орду же наамы эле түзө койбойт. Аны менен баарлашкан адамдардын жүрөгүндө калган элеси да түзөт. Бабаравшан Тургунбаевдин да адамдык бейнеси анын чыгармачылыгы менен бирге жакындарынын, санаалаштарынын, жорлорунун жана кесиптештеринин эсинде жашай берет.
 
Элге калган мурасы
 
2011-жылы Бабаравшан Тургунбаевге «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наам берилди. Ал учурда Лейлек районунун Маданият үйүндө музыкант болуп эмгектенип турган.
 
Бул наам – анын кыргыз маданиятына сиңирген эмгегинин мамлекеттик деңгээлде баалангандыгынын бир далили болду.
Бирок өнөр адамынын чыныгы сыйлыгы кагаздагы наамдан да бийик турат. Ал – элдин сүйүүсү.
 
Бабаравшан Тургунбаевдин ырларынын бүгүн да аткарылып жатышы, обондорунун элдин эсинде сакталышы – анын чыгармачылык өмүрү уланып жатканын билдирет. Обончу дүйнөдөн өтүшү мүмкүн, бирок анын обону дүйнөдөн өтпөйт.
 
Акыркы сапар
 
2026-жылдын 15-сентябрында Бабаравшан Тургунбаев 73 жашында дүйнө салды. Анын көз жумганы тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги да билдирип, үй-бүлөсүнө, жакындарына жана чыгармачылык чөйрөдөгү кесиптештерине көңүл айтты.
 
Өмүрүнүн акыркы жылдарында Ош шаарында жашап, Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында эмгектенип келген. Анын сөөгү туулган жери Лейлек районундагы Кулунду айылында жерге берилди.
Бабаравшан Тургунбаевдин өмүр жолу – кыргыз музыкасына арналган жарым кылымдан ашуун чыгармачылык жол. Ал Лейлектин маданий турмушунан башталган өнөр сапарын Ош шаарынын чоң маданий чөйрөсүндө улантып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин музыкадан алыстаган жок.
 
Бүгүн Бабаравшан Тургунбаевди жоктоо – бир гана таланттуу обончудан айрылууну жоктоо эмес, кыргыз музыкасынын бир муунунун өкүлүн, өлкө маданиятынын көрүнүктүү ишмерин, өзүнүн чыгармачылыгы менен элге кызмат кылган инсанды эскерүү десек туура болот. «Туулган жерге», «Унутпаймын», «Неге түшкө киресиң?», «Махабат» сыяктуу чыгармалары анын артында калган руханий мурастын бир бөлүгү гана.
 
Бабаравшан Тургунбаевдин өмүрү аяктаган менен анын обондору эл арасында жаңыра берет.
 
Адамдын өмүрү кыска, ал эми элге берген өнөрү түбөлүктүү.
 
Бабаравшан Тургунбаев да кыргыз музыкасынын тарыхында өзүнүн үнү, өзүнүн обону, өзүнүн чыгармачылык изи менен калды.
 
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Арбагы ыраазы болсун. Үй-бүлөсүнө, бала-чакасына, бир туугандарына жана чыгармачылыктагы санаалаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
 
Анын жаркын элеси, адамдык асылдыгы жана обондору элдин эсинде түбөлүккө жашай берсин.

Турганбаев Н.О. 
Филология илимдеринин кандидаты, 
ОшМУнун кыргыз тил илими кафедрасынын доценти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз