Кыргызстандын олимпиадалык курамасы Жапониядан ири эсепте утулду
Кыргызстандын футбол боюнча U-23 курамасы Японияда өтүп жаткан Азия оюндарындагы тайпалык баскычтын экинчи турунда жеңилип калды.
Надирбек Мамадалиев жетектеген команда Жапониянын жаштар курамасы менен беттешип, 0:7 эсебинде утулду.
Бул жеңилүү Кыргызстандын Азия оюндарындагы тарыхындагы эң ири жеңилүү болуп калды.
Кыргызстандын футболчулары Азия оюндарында 2006-жылы Катарда дебют жасаган. Ошондон бери улуттук команда 21 беттеш өткөрүп, 3 жолу жеңишке жетишкен, 5 оюнду тең чыгуу менен аяктап, 13 жолу жеңилген.
Буга чейин Кыргызстандын Азия оюндарындагы эң ири жеңилүүсү 2022-жылы Кытайда өткөн мелдештин плей-офф баскычында Түштүк Кореядан 1:5 эсебинде утулганы болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

