Миргүл Рахманалиева - жаа атуунун үлгүсү!

Көчмөн элдердин рухун, тарыхын жана маданиятын дүйнөгө даңазалаган Дүйнөлүк көчмөндөр  оюндары — жөн гана спорт мелдеши эмес. Бул — кылымдарды  карыткан бабалардын каада-салтын, кайратын жана эркиндикке болгон умтулуусун кайрадан жанданткан улуу маданий иш-чара. Ат үстүндөгү оюндар, улуттук күрөш жана мергенчилик өнөрү чагылдырылган бул оюндарда салбуурун менен улуттук жаа атуу өзгөчө орунду ээлейт.

Жаа атуу — бул жөн гана тактык эмес, бул сүр, сабырдуулук жана ички тең салмактуулуктун туу чокусу. Салттуу жаа атуу өнөрү — кыргыз элинин улуттук каада-салтынын жана спорттун айрыкча баалуу бир түрү. Акыркы жылдары өлкөдө жаа атуу спорту, өзгөчө кыз-келиндер арасында абдан популярдуу болуп, эл аралык мелдештерде кыргызстандык жаачылар жогорку ийгиликтерди жаратып келишүүдө. Жаа атуу өнөрүн  аркалап, эл аралык аренада мелдештин көркүн ачып, өлкө намысын коргоп жаткан сыймыктуу спортчуларыбыздын бири — Миргүл Рахманалиева.

Тарыхты заманбап спорт менен айкалыштырган өнөр

Миргүл Рахманалиева Кыргызстандын Салттуу жана ат үстүндө жаа атуу федерациясынын мыкты жаачы спортчусу катары белгилүү. Ал жаа атуу спортунда өзүнүн өзгөчө чеберчилиги, кайраттуулугу жана туруктуулугу менен айырмаланып келатат. Анын ар бир мелдешке даярдыгы, жебени бутага багыттаган учурдагы токтоолугу жана топтогон тажрыйбасы спорт сүйүүчүлөрүн суктандырбай койбойт. 

“Жаа тартуу – тарых менен азыркы учурду бириктирген көпүрө сыяктуу. Жаа атуу бир кездери менин балалык кыялым болчу. Айылда кургай эле талды көрсөм, кыйып алып жаа тарткан учурларым эстен кетпейт. Жаштын тилегин берет, дегени ушул болсо керек. Тагалар тарабымда мергенчилик өнөрү бар, мага ошондон өткөндүр деп да койом. Жаа тартуу спортуна 2025-жылы келдим. Бул мезгил ичинде көптөгөн мелдештерге катыштым, ийгиликтерим үчүн ондогон медаль топтодум, тажрыйба арттырдым. 

Мени бул багытта машыктырып үйрөткөн, чоң спортко тарбиялап телчиктирген устатым Замир Бегалиев агайга терең ыраазычылык билдирем. Жааны бутаны мээлеп атуу бардык нерсени унуттуруп, сергитет жана эс алдырат. Жаа атуу-жакшы өнөр, жакшылыктын бир бөлүгү, ал ар качан дем-күч берет, өстүрөт.

Башкысы, жаа тартуу учурундагы  жебени бошоткон көз ирмемде ички толкундоону жеңип, бабалардын рухун сезүү сөз менен айтып бүткүс сезим. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өлкөнүн атынан чыгуу мен үчүн чоң жоопкерчилик жана сыймык” — дейт жаачы Миргүл Рахманалиева.

Чоң-Алайдан башталган сапар жана жаа тартуу спортунун сыры

Миргүл Рахманалиева  Ош облусунун алыскы Чоң-Алай өрөөнүндөгү Чак айылында туулуп-өскөн. Жаш кезинен эле спортко кызыгуусу артып, күч сынаган мелдештерге катышып, машыгуулар менен чоңойгон. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультетинде билим алган жана алдыңкы ийгиликтери үчүн Президенттик стипендиянын ээси болгон. 

Жалпыга маалым болгондой, спортчу  Кыргызстандын намысын республикалык , эл аралык  деңгээлдеги улуттук оюндарда, маданий фестивалдарда татыктуу коргоп келе жатат. Анын  айтымында, салттуу жаа атуу - улуттук спорттун  бир түрү. Жаа атуу спорту негизги эки чоң багытка — салттуу (этноспорт) жана олимпиадалык (классикалык) жаа атууга бөлүнөт. 

Салттуу жаа атуу өнөрү — кыргыз элинин улуттук каада-салтынын жана спорттун бир түрү катары белгилүү. Акыркы жылдары өлкөдө жаа атуу өнөрү спорт катары, айрыкча кыз-келиндер арасында абдан популярдуу болуп, эл аралык мелдештерде кыргызстандык жаачылар жогорку ийгиликтерди жаратышууда. 

Ал өзү дал ушул бабалардан калган салттуу жана ат үстүндө жаа атуу багытында чеберчилигин арттырып, бийик чектерди багындырууда. Жаа тартуу — жөн гана тактыкты эмес, ички тең салмактуулукту, сабырдуулукту жана токтоолукту талап кылган өзгөчө искусство.
Ал «АКИpress» маалымат агенттигинин өлкөдөгү 40 райондун кыздарын элге тааныткан «Кыргыз кызы» улуттук долбоорунун каармандарынын бири. Өзү тууралуу, спорттогу ийгиликтери тууралуу баяндарында Миргүл Рахманалиева деңиз деңгээлинен 2400 метрден ашык бийиктикте жайгашкан, климаты катаал Памир тоо этегиндеги Чоң-Алай өрөөнүнүн кооздугун, тарыхын жана каада-салтын коомчулукка жигердүү таанытууда. 

Белгилүү жаачы кыздар жана жетишкендиктери

Маалыматка ылайык, Асель Шарбекова  спорттун жаа атуу түрү боюнча көптөгөн эл аралык деңгээлдеги мелдештерге катышып, мыкты жаачы катары таанылган. Ал АКШнын Майами шаарында өткөн Archery Tournament эл аралык мелдеште биринчи орунду алып, алтын медаль тагынган. Чолпонай Умуркулова салттуу жаа атуу боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионатынын жеңүүчүсү, «Кыргыз бута» багытында 1-орунду багындырган. 

Ал эми гезиттин бүгүнкү каарманы Миргүл Рахманалиева менен Назгүл Шапиева салттуу жаа атуу мелдешинде алдыңкы орундарды камсыздап, мергендиги менен таанылган спортчулар. Жаш спортчу Ясира Дайырбекова  Ташкентте өткөн эл аралык турнирде MIX (аралаш командалык) багытында коло медалдын ээси болгон. Ошондой эле Каима Молдалиева Эл аралык мелдеште жекелик эсепте коло медаль утуп алган жаш үмүттөрдүн бири. 

Салттуу жаа атуу спортунун өнүгүү багыттары

Салттуу жаа атуу (Этноспорт) Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги өзөгүн түзөт. Кыздар тарыхый улуттук кийимдерди кийип, «Кыргыз бута» (50 метр) жана «Кыргыз жамба» (30 метр) сыяктуу аралыктарга ат үстүндө же жөө туруп жаа атышат. Олимпиадалык жаа атуунун багыты заманбап, классикалык жаалар менен бутага атуу болуп эсептелет. Бул тармакты өнүктүрүүдө Кыргызстандын жаа атуу федерациясынын жетекчиси Эльнура Осмоналиеванын салымы чоң. 

Жаа атуу ден соолукка пайдалуу, философиясы терең. Жаа атуу — бул башкалар менен эмес, эң биринчи кезекте өзүң менен өзүң күрөшүү жана ички гармонияны табуу спорту. Ал кыздарды сабырдуулукка, токтоолукка жана ойду бир жерге жыйноого үйрөтөт. Жаа атуунун ден соолукка пайдасы көп. Жаа тартканда бел, ийин, кол булчуңдары чыңалып, сымбаттуу дене түзүлүштү калыптандырат. Ошондой эле көздүн көрүүсүн жакшыртат. 

Көчмөн калктын рухун даңазалаган мелдештеги орду

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында салттуу жаа атуу боюнча мелдешке ондогон өлкөлөрдөн эң күчтүү мергендер катышууда. Мындай жогорку деңгээлдеги мелдеште келечегинен көптү үмүттөндүргөн биздин спортчубуз Миргүл Рахманалиева Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, улуттук спортту эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп жатат. 

Ал өткөн жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, маданият жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулган жаа атуу боюнча  ачык чемпионатта аялдар арасында 2-орунду жеңип алган. Спортчу Көчмөндөр оюндарынын алдында 24-25-26 - август күндөрү болуп өткөн Эл аралык 5-Илбирс турниринде 70 м аралык боюнча мелдеште 3-орунду ээледи. 

Спортчу өлкөдө жаа атуу өнөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келе жатат. Анын спорттогу мыкты  чеберчилиги, талыкпас эмгеги жана жаратман  ийгиликтери — өлкө үчүн чоң сыймык,  ал эми кийинки муун үчүн сабак, жаш муундарга чоң дем-күч жана үлгү. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары  мелдештеринде  Миргүл Рахманалиева сыяктуу жаш спортчуларыбыздын катышуусу кыргыз спортунун келечеги кең экенин жана улуттук нарк-насилдин эч качан өчпөй турганын дагы бир ирет далилдей алды. 

Жаа тартуу спортунун мыкты чебери Миргүл Рахманалиевага жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өлкө атынан катышып жаткан бардык спортчуларыбызга курч карек, мергендик, албан-албан ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайбыз.  Кыргыздын  желеги дайыма бийикте желбирей берсин!

А.МАТИЕВА.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз