Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт
ӨКМ, бүгүн, 24-марттан 26-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү күтүлөрүн билдирет. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Атап айтсак, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 85-87-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 1-2-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүүcү мүмкүн.
Андыктан ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.