Кремль АКШнын Путинди «Чоң жыйырмалыктын» саммитине чакырган чечимине жооп берди
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын президенти Владимир Путинди «Чоң жыйырмалыктын» (G20) Майамиде өтө турган саммитине чакырган чечимин Кремль кубаттай турганын билдирди.
«Тиешелүү чакырууну уктук. Бул чакыруу үчүн америкалык тарапка ыраазычылык билдиребиз жана аны кубаттайбыз. Мындан аркы чечимди кабыл алып, маселени дипломатиялык каналдар аркылуу иштеп чыгабыз», — деди Песков «Интерфакс» агенттигине.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 23-сентябрда Вашингтон Владимир Путинди 14–15-декабрда Майами шаарында өтө турган G20 саммитине чакырганын маалымдаган. Анын айтымында, бул Путин үчүн АКШ президенти менен гана эмес, дүйнөнүн башка лидерлери менен да баарлашууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Буга чейин Bloomberg басылмасы өз булактарына таянып, Путин Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун (АТЭС) Кытайда өтө турган саммитине катышууну пландап жатканын, бирок G20 саммитине барбай турганын жазган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

