Футбол боюнча улуттук курама бир да жолу Катар курамасын ута алган эмес

Кыргызстандын улуттук футбол курамасы 25-мартта Катар менен беттешет.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 19:45те башталат.
 
"Спорт АКИпресс" басылмасы жазгандай, Кыргызстан менен Катар улуттук курама деңгээлинде үч жолу беттешкен. Бардык оюндар Доха шаарында болгон.
 
Биринчи оюн 2004-жылдын апрель айында өтүп, 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Экинчи оюн 2018-жылдын декабрь айында Азия Кубогуна даярдыктын алкагында болуп, Катар 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Голдун автору Али Хассан Афиф Яхья болгон.
 
2024-жылдын күздүндө, командалар 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун биринчи айлампасында беттешип, оюн Дохада өтүп, кожоюндар 3:1 эсебинде жеңишке жетишкен. Кыргызстан курамасынын жалгыз голун Алимардон Шукуров киргизген.
 
Беттештердин жыйынтыктары:
 
2004-жылдын апрели, Доха
Катар – Кыргызстан – 0:0
 
2018-жылдын декабры, Доха
Катар – Кыргызстан – 1:0
 
2024-жылдын 10-октябры, Доха
Катар – Кыргызстан – 3:1

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз