Наталья Аринбасарова 80 жылдык мааракесине карата ТҮРКСОЙдун Алтын медалы менен сыйланды
Театр жана кино актрисасы Наталья Аринбасарова 80 жылдык мааракесине карата ТҮРКСОЙдун Алтын медалы менен сыйланды. Сыйлык ага түрк дүйнөсүнүн маданияты менен искусствосуна кошкон салымы үчүн ыйгарылды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев билдирди.
ТҮРКСОЙдун Алтын медалы түрк дүйнөсүнүн маданиятына жана искусствосуна олуттуу салым кошкон инсандарга берилет.
Буга чейин бул сыйлыкка СССРдин эл жазуучусу Олжас Сүлейменов, Азербайжандын эл жазуучусу Анар Рзаев, СССРдин эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Геннадий Базаров, Самара Токтакунова, Кайыргүл Сартбаева, ошондой эле белгилүү түрк актрисасы Тюркан Шорай татыган.
Наталья Аринбасарованын белгилүү эмгектеринин арасында «Биринчи мугалим» тасмасындагы Алтынайдын, Чыңгыз Айтматовдун ушул эле аталыштагы повестинин негизинде тартылган «Жамийла» тасмасындагы Жамийланын жана «Маншук тууралуу ыр» аскердик драмасындагы Мәншүк Маметованын образдары бар.
Актриса Алтынайдын ролу үчүн 1966-жылы Венеция кинофестивалында мыкты аялдын ролу үчүн Вольпи кубогуна ээ болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

