Казакстандын Коргоо министрлиги каза болгон аскер кызматкерлеринин аты-жөнүн жарыялады
Казакстандын Коргоо министрлиги 24-сентябрда Маңгыстау облусунда Каспий деңизинин жээгинде өткөн Аскер-деңиз күчтөрүнүн машыгуусунда каза болгон 12 аскер кызматкеринин аты-жөнүн жарыялады.
Маалыматка караганда, каза болгондордун 11и матрос, бирөө офицер:
1. улук лейтенант Мухтарулы Олжас;
2. матрос Аяпберген Сержан Талгатулы;
3. матрос Омирзак Омирбек Омирболатулы;
4. матрос Кобенов Алмас Жусипулы;
5. матрос Толеген Акылбек Кабденулы;
6. матрос Темиргалиев Женис Тлеушеевич;
7. матрос Бердиханов Мейрамбек Ермуханулы;
8. матрос Жанабай Асет Саматулы;
9. матрос Мадихан Азамат Болатбекулы;
10. матрос Бегей Дастан Нурболулы;
11. матрос Гилаж Акжайык Болатбетулы;
12. матрос Диханбаев Олжас Тажибайулы.
24-сентябрда Маңгыстау облусунда Аскер-деңиз күчтөрүнүн машыгуусу учурунда аскер кызматкерлерин Каспий деңизине толкун алып кеткен. Кырсык окуу-күжүрмөн тапшырманы аткаруу маалында аба ырайынын кескин начарлап, шамалдын күчөшүнөн улам болгон.
Маңгыстау облусунун акимчилиги тактаган маалыматка ылайык, деңизге жалпысынан 17 аскер кызматкери түшүп кеткен. Алардын 12си каза болуп, үчөө куткарылган. Дагы эки аскер кызматкерин издөө иштери уланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

