Кыргызстандын волейбол командасы Азия оюндарын жеңилүү менен баштады
Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасы Японияда өтүп жаткан Азия оюндарындагы мелдешин баштады.
Топтук этаптын биринчи турунда башкы машыктыруучу Бакыт Алиев жетектеген кыргызстандык волейболчулар Ирандын курамасына каршы оюн өткөрдү. Иран дүйнөлүк рейтингде 19-орунда, ал эми Азиядагы рейтингде 2-орунда турат.
Беттеш Ирандын пайдасына 3:0 эсеби менен аяктады.
Экинчи турдун беттештери 28-сентябрда өтөт. Кыргызстандык волейболчулар Индонезиянын курамасы менен ойнойт.
В тайпасы
1-тур, 27-сентябрь
Иран — Кыргызстан — 3:0
(25:11, 25:16, 25:20)
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

