Эки доорго ак эмгек өтөгөн Махабаткан Файзуллаева
Союз убагында экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн алдын-ала беш жылдык пландары кабыл алынып турган. Эл чарбасын өнүктүрүүнүн алгачкы беш жылдык планы 1928-жылы кабыл алынган. Жалпысынан 1986-жылга чейин мамлекеттик беш жылдык мындай пландар 12 жолу кабыл алынып, көп улуттуу совет эли тарабынан колдоого ээ болуп келген. Эмгекчилер «План – бул мыйзам, аны аткаруу – милдет, ашыра аткаруу – сыймык!» деген ураандын алдында эмгектенишкен.«СССРдин 1981-1985-жылдарга жана 1990-жылга чейинки мезгилде экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизги багыттары» деген аталышта ХI беш жылдыктын планы 1981-жылы КПССтин ХХVI сьездинде бекитилген. Дал ошол жылдары Ош облустук «Ленин жолу» (азыркы «Ош жаңырыгы») гезитинде сапаттын мыктылары үчүн «Ардак альбому» аттуу рубрика ачылып, өнөр жай ишканаларында товарларды жана продукцияларды «Мамлекеттик сапат белгиси» менен даярдоого жетишкен эмгектин алдыңкылары «Ардак альбомуна» жазылып турушкан. Аталган гезиттин «Ардак альбомуна» Оштогу Октябрдын 50 жылдыгы атындагы пахтадан кездеме токуучу өндүрүштүк бирикмесинин тасма даярдоочусу (ленточница) Махабаткан Файзуллаеванын жараткан ийгиликтери өзүнүн сүрөтү менен бирге квартал сайын ырааттуу чыгып турган.
Биздин колубузда «Ленин жолу» гезитинин 1982-жылдын 2-апрелинде жарык көргөн № 62 (10325) саны турат. Аталган гезиттин биринчи бетине биздин каарманыбыздын сүрөтү басылып, анын эмгектеги жеңиштери жөнүндө кеңири маалыматтар коштогон. Анда «М. Файзуллаева СССРдин түзүлгөнүнүн 60 жылдыгынын урматына ургаалдуу темп менен иштеп жатат. Анын бул кесипте иштегенине 8 жылдан ашты. Ушул тапта тасма даярдоочу кийинки 1983-жылдын апрель айынын эсебинен эмгектенүүдө. Быйылкы жылдын 1-кварталынын планын 200 пайызга жеткирип аткарып, көп улуттан турган жамаатынын жана шаардын тийиштүү жетекчилеринин куттуктоолорун кабыл алды. Ал Ош шаардык кеңешинин депутаты катары да наказдарын өз убагында орундатуу менен бирге башка коомдук иштерге активдүү катышат. Анын алдыга койгон асыл максаты – өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатып, даярдалган продукциянын сапатын жакшыртуу болуп саналат» деп жазылган.Каарманыбыздын эмгектеги жеңиштерин чагылдырган мындай макалалар облустук «Ленинский путь», Октябрдын 50 жылдыгы атындагы пахтадан кездеме токуучу өндүрүштүк бирикмесинин «Голос текстильщика» аттуу көп нускалуу гезитине жарыяланып келген. Коммунист Махабаткан Файзуллаева өзүнө берилген беш жылдык план-тапшырмаларын үч жылдын ичинде аткарып, кийинки беш жылдыктын эсебинен эмгектенген учурлары арбын болгон. Тасма даярдоочу ар бир айдагы планын эки эсеге чейин аткарып, 6 айдын ичинде 170,3 тонна жогорку сорттогу пахта тасмасын даярдаганга үлгүргөн.
Мына эми ошол учурунда ысымы жамаатына гана эмес, Ош шаарынын элине, андан да нары облустун, республиканын калкына талыкпаган ак эмгеги, улам жаңы демилгелерди көтөрүп иштөөгө аракеттенген адамдык өзгөчө касиеттери менен дайын болгон Махабаткан Файзуллаева кутман курак - 70 жаштын босогосуна келип олтурат. Ал 1957-жылы Кара-Суунун Мады айылында жарык дүйнөгө келген. Киндик каны тамган айылынын облус борборуна жакындыгы да анын келечекте кесип тандоосуна өбөлгө болуп, кайсыл бир деңгээлде таасири тийген. Ушул айылдан биз жогоруда белгилеп өткөн пахтадан кездеме токуучу өндүрүштүк бирикмесинде эмгектенишкен бир топ келин-кыздар бар эле. Алар дем алышка келип калышканда Махабаткан жакын сиңдиси катары кулагын төшөп, дилин коюп кеп-кеңештерин угуп, келечекте ошол жамаатта иштесем, ушул эжелердей болсом деген кыялдар менен алдыга талпынган. Эжекелеринин гезит-журналдарга жарыяланган иш үстүндөгү фото сүрөттөрүн, алар туурасындагы очерктерди, шыр баяндарды, макалаларды кунт коюп окуп олтуруп, кийин басма сөз беттерине эмгектин алдыңкысы катары менин да сүрөттөрүм басылса, эмгегиме жараша сыйлыктарды алсам деген ой-тилеги аны басса-турса дайыма жадында жүргөн.
Ал айылдан орто мектепти 1974-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин жогорку окуу жайларынын бирине деле тапшырып, билим деңгээлин сынап көрсө болмок. Анткени орто мектепти окуунун алдыңкыларынын катарында бүтөрүп, жалаң «4» жана «5» деген баалар менен толтурулган жетилүү аттестаты алган болчу. Бирок, аны бир топтон бери көкүрөгүнөн терең ээлеп алган максаты башка тарапты көздөй жетелеген. Ошентип ал Ош шаарына келип, өзү самаган пахтадан кездеме токуучу өндүрүштүк бирикмесине алгач үйрөнчүк катары ишке алынган.
Ал кезде 3 фабриканын башын бириктирип турган ири бирикмеде 12 миңден ашык адам 3 сменада эмгектенишкен. Советтер Союзундагы абдан чоң эмгек жамааттарынын катарына кирген ишкананын цехтеринде, станоктордо шаардыктар гана эмес, шаардын айлана-тегерегиндеги айылдардан, ал гана эмес кошуна Өзбекстандын бизге кошуна жайгашкан аймактарынан да жумушчулар келип иштеп жатышкан. Мына ушундай жамаатка аралашкан Махабаткан бара-бара тажрыйба арттырып, үйрөнчүк эмес, тез эле дасыккан кесипкөй жумушчулардын катарына кошулуп, уюштурулган мелдештерде алдыга озуп чыга баштаган. Пахта заводдорунан чигиттелип алынып келинген пахтаны жипке айлантып ийрүүгө даярдоо, аны ар кандай чаңдан, кирден арылтып тазалоо жана тасма (лента) түрүнө өткөрүү ишинде Махабаткан өзүнүн сүйгөн кесибинин чыныгы ээси экендигин тастыктаган. Эки колунун элпек кыймыл аракети көзгө илешпеген, иштин ыргагын бузбоого дасыккан тасма даярдоочу берилген план-тапшырмаларын дайыма мөөнөтүнөн мурда сапаттуу аткарып, алгач цехтин, фабриканын, андан нары өндүрүштүк бирикменин сыйлыктарына татыктуу боло баштаган.
Убадага бекем турган, жоопкерчиликти терең сезген, өзүнүн жамаатынын ар бир мүчөсүнө көмөк көрсөтүп, өзгөчө жаңыдан жумушка киришкен кесиптеш сиңдилерин камкордукка алган тасма даярдоочуну баштапкы партиялык уюм 1980-жылы Коммунисттик партиянын катарына өтүүгө татыктуу деп, партбилет беришкен. Ал 1976-жылы алгачкы ирээт «Коммунисттик эмгектин эпкиндүүсү» деген төш белгини тагынган. Өз учурунда абройлуу эсептелген мындай сыйлыктан сырткары тасма даярдоочу М. Файзуллаева «Социалисттик мелдештин жеңүүчүс» деген төш белгини дээрлик жыл сайын алып турган.Ал Ош шаардык кеңешинин депутаты катары анын сессияларында чыгып сүйлөп, өзү иштеген өндүрүштүк бирикмеде, анын бардык фабрикаларында чечүүгө зарыл курч маселелерди көтөргөн жана аткарылышын көзөмөлгө алган. Өндүрүштө иштеп туруу менен бирге эле билимин өркүндөтүү максатында Ош шаарындагы педагогикалык окуу жайынан билим алып, аны 1985-жылы ийгиликтүү аяктаган.
-Өзүм эмгектенген ишке ушунчалык берилгенимди айтпаңыз, ана-мына деп жүрүп жашым улам жогорулап баратты. 1990-жылы жаш курагым 34кө караган кезинде гана турмушка чыктым,-деп жылмаят Махабаткан эже,-Катары менен эки уулдуу болгонума байланыштуу аларды карап торолтоюн деп, эмгек акы төлөнбөгөн өргүү менен үйдө олтуруп калдым. Ошол маалда Союздун өзөгү ыдырап бузулуп, баягы менин экинчи үйүмө айланган пахтадан кездеме токуучу өндүрүштүк бирикменин кубаты ай санап эмес, күн санап төмөндөп, күжүлдөгөн эмгек кан буугандай токтоп, эмгек маянасын албай калган жумушчулар чилдей тарап кетишти. Ошондо менин ичимдин ачышканын айта көрбөңүз, мамлекеттин менчиги, көптөгөн элдин ырыскысы болгон өндүрүштүк бирикмени ач көздөр көз көрүнөө талап-тоноп жок кылышты. Анда көп жылдар бою эмгектенип келишкен жумушчулардын, адистердин, айрыкча кыз-келиндердин келечек тагдыры эч кимди кызыктырган жок, алардын көпчүлүгү жумушсуз калышты. Бир тобу жер кезип, жумуш издеп сыртка чыгып кетишти…
Махабаткан эже эгемендиктин алгачкы жылдары Ош шаарындагы № 39 «Солнышко» балдар бакчасында тарбиячы болуп эмгектенди. Анда тарбияланышкан наристелердин таттуу күлкүсү, ынтымактуу жамааттагы тарбиячылар анын көңүлүн аз да болсо көтөрүүгө аракет кылышып, урматтап-сыйлап турушту.
Убакыт токтобостон алдыга адымдай берди. Соңку жылдары ал жогорку окуу жайларынын корпустарында вахтерша болуп иштеп калды. Бул жөнөкөй, көпчүлүктүн назарына илине бербеген ишинде да Махабаткан эжекебиз көзгө көрүнөрлүк иштерди аткарып, Ош мамлекеттик университетинин ректоратынан Ардак грамоталарды алды. Коомдук мүлктү көзөмөлдөп, корпустардагы ирээттүүлүктү кармап, эреже-тартипти сактаган ардагер байбиче сменалаш кесиптештерине үлгү болуп келе жатат.
Эки уулу эр жетип, өздөрүнчө түтүн булатып кетишкен. Алар да үй-бүлөлүк бюджетибизди дурустап алалы дешип, чет жерлерде иштеп жүрүшөт. Ошол эле учурда уул-кыздары менен бирге Махабаткан апасынан кабар алышып, күндөлүк тамак-ашына жана ден соолугун чыңдоосуна көмөктөшүп турушат.
Каарманыбыз Махабаткандын бир тууган иниси Султанбеков Адылбек Файзуллаевич КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору болуп иштеген. Экономика илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер болгон эле. Ковид илдети ааламдын баарын каптап, биздин жергебизге да кирип келген кезде, бул илдет менен күрөшүү жаатында эч кандай тажрыйбасы жок дарыгерлер алдастап калышкан чакта, бир катар мекендештерибиз пандемиянын торуна илинишип, жарыкчылык менен кош айтышып кете беришти. Мына ошол маркумдардын катарына Адылбек мырза да капыстан кошулуп, 2020-жылдын июль айында 54 жаш курагында арабыздан кеткен.
-Ала-Тоодой болгон тирегим эле. Көз жашыбызды көлдөтүп олтуруп калдык. Ал ошол жер жүзүн каптаган жаман тумоо боло элек кезге жакын «эже, өмүрүңүздүн көбүн ак эмгек, таза мээнет менен өткөрүп, бешене териңиз менен көптөгөн төш белгилерди алыпсыз. Ошол жылдары эле сиздин эмгек деңгээлиңизден төмөн көрсөткүчтөрдү жараткан адамдар тааныш-билиштикке салып орден-медалдарды алып турушуптур. А сизди төш белгилер менен гана көңүлүңүздү жубатып, калыстык кылышкан эмес экен. Эс алыңыз десек көнбөй, алиге дейре иштеп, таалим-тарбия берүүчү жерлерде эмгектенип келатасыз, окуу жайларынын жетекчилигине сиз менен бирге кирип өтүнүп, өлкөбүз үчүн өтөгөн эмгегиңизди эстерине салып көрсөк, алар тарабынан калыс колдоо болуп, эгемендүү мамлекетибиздин сыйлыктарына сунуштап көрүшсө деген оюм бар» деп калды. Мен болсо: «Жөн эле койчу, айланайын иним, инисинин жардамы менен сыйлык алды деген кеп-сөздөр болот. Сенин таза ысымыңа көлөкө түшпөсүн. Жараткан менин маңдайыма ушундай тагдырды жазган экен, мен ушул тагдырыма ыраазымын» деген элем. Иним ошондо берген жообума ыраазы болуп, пикириме ынанды көрүнөт, колумдан бекем кысып, унчукпай башын ийкеген болчу… Аттиң арман!.. Ааламдан жаш өтүп кетти, алдына койгон асыл максаттары көп эле. Алымбек датка атабыз туурасында жаңы маалымат-табылгаларды тапканын айтып, өзүнчө даректүү китеп жазганы камылга көрүп жүргөн,-деп Махабаткан эже көзүнө кылгырып келген жашын көрсөтпөөгө аракет кылган.
Ал азыр Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана искусство институтунун окуу корпусунда вахтерша болуп иштейт. Аны окуу жайынын мындагы эмгектенишкен мугалимдери менен студенттери жалпы сыйлашат. Таң менен кошо эшикти кенен ачып, сырттан агылып кире башташкан мугалимдер болобу, студенттер болобу аларга жылуу ырайын көрсөтүп, улуу башын кичүү кылып ордунан туруп аларды утурлай басып, дайындуу жерге илинген ачкычтарын колдоруна берип: «Жакшы эс алып келдиңерби? Бүгүнкү күнүңөр жемиштүү болсун!» деп, батасын ыроолоп турат. Кечке жуук да ушул адатынан жазбай, бардыгын жылуу маанайы менен узатат.
Өзүнүн сменалаш кесиптештеринин арасында эң улуусу катары да урмат-сыйга ээ. Иштеген мугалимдер, билим алып жатышкан студенттер үйлөрүнө, жатаканаларына кетишкен соң корпустун беш кабатынын ар бирине шашылбай чыгып, эшик-терезелердин ачык-жабыгын, электр жарыгын тыкыр көзөмөлгө алат.
Мына ошентип, Махабаткан Файзуллаева 70 жылдык өмүрүнүн жарым кылымдан ашык бөлүгүн таза эмгеги менен өткөрүп, эл-жерибиздин өнүгүп-өсүшүнө колумдун келишинче көмөктөшөйүн деген аруу тилек-максаты менен жашап келатат. Майрамдарда, Ош шаарынын күнү белгиленген кезде бир мезгилдерде ушул шаардын сыймыгы болуп келген эмгектин алдыңкысы катары салтанаттарга чакырылбаса да тыкан жана жарашыктуу кийинип, көптөн бери аздектеп сактап келаткан төш белгилерин тагынып, көчө бойлоп басат, ары-бери өткөндөргө акырын баш ийкеп, «майрамыңар кут болсун, бейпил заманыңар кут болсун, айланайындар!» деп ак тилегин айтат. Кийинки муундагылардын көбү аны жакшы тааныша албаса да төшүнө тагынган жаркылдаган сыйлыктарына карап, убагында кадыр-баркты мол арттырган, өмүрүн текке өткөрбөгөн бактылуу байбиче экенин жазбай баамдашат, көпчүлүгү таазим этип жол бошото беришип, «Ыракмат, чоң эне! Сизди да майрамыңыз менен куттуктайбыз!» дешип, урмат-сый көрсөтүп, артынан узата карап калышат.
КР Журналисттер союзунун мүчөсү
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


