Президент "Бишкек Арена" стадиону кандай пайда алып келерин айтты
Кыргызстанда 6 жыл ичинде 521 завод жана фабрика курулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 5-октябрда «Бишкек Аренанын» ачылышынын алкагында билдирди.
Президенттин айтымында, 6 жыл ичинде 1075 имарат курулду — булар мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, маданият үйлөрү жана башка объекттер, алардын арасында «Бишкек Арена» да бар. Мындан тышкары, 521 завод жана фабрика курулду.
Президент «Бишкек Арена» орто, ал тургай ири заводдон кем эмес киреше алып келерин кошумчалады.
«Биз бийликке келгенде бюджет алсыз болчу, 2020-жылдын аягында тышкы мамлекеттик карызды кантип төлөйбүз деп ойлонгонбуз. 2021-жылдын аягына карата биз бюджетти 187 миллиард таза киреше менен камсыз кылдык. Ички дүң продукт 2021-жылдын аягында 9%дан кем эмес өсө баштады. Жана бул өсүү акыркы 4–5 жылдан бери токтогон жок», - деп түшүндүрдү ал.
Президент чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы башталган Россия менен Украинанын ортосундагы согуштун айынан, экспорттун эсебинен өсүп жатат деп жазып жатканын кошумчалады.
«Жок, андай эмес. Өсүү 2021-жылдын аягынан бери жүрүп жатат. Биз кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүп жатабыз: 100% жойбосок дагы, күрөшүп жатабыз жана жоюуну улантабыз. Дал ушунун аркасы менен экономика өсүп жатат. Эң негизгиси, тынчтык, биримдик жана ынтымак болсун, ошондо экономика мындан ары да өсөт. Бизди эч ким токтото албайт. Биз дагы ушундай 10 стадион курабыз, миңдеген спутниктерди учурабыз, завод жана фабрикаларды, социалдык объекттерди — мектептерди жана бала бакчаларды курабыз», - деп жыйынтыктады сөзүн ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

