Түштүк Кореяда массалык мушташ болду. Арасында Кыргызстандын жараны бар

Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында 3-октябрда кечинде чет элдиктердин катышуусунда массалык мушташ чыкты. Кармалгандардын арасында Кыргызстандын жараны бар. Бул тууралуу 5-октябрда «Yonhap» жалпыга маалымдоо каражаты жергиликтүү полицияга шилтеме берип кабарлады.

Окуя турак жай аймагындагы балдар сейил багында саат 23:40 чамасында болгон. Видеобайкоо камераларынын жазууларына таянуу менен полиция мушташка 15ке жакын адам катышканын аныктады. Буга чейин күбөлөр 40ка жакын катышуучу болгонун билдиришкен. Айрымдары таяк менен куралданган.

Полиция окуя болгон жерден качууга аракет кылган 20дан 29 жашка чейинки эки эркек кишини — Кыргызстандын жана Россиянын жарандарын кармады. Экөө тең жаракат алышкан, сөөк сыныгы аныкталып, ооруканага жеткирилген. Полициянын маалыматы боюнча, алар өлкөдө мыйзамдуу жүрүшкөн.

Кармалгандар мушташка катышканын четке кагып, көчөдө басып баратканда кол салуу болгонун айтышууда.

«The Korea Times» жалпыга маалымдоо каражаты жазгандай, полиция тергөөчүлөрүнүн маалыматы боюнча, окуяга эки мамлекеттин жарандарынын тайпаларынын ортосундагы чыр себеп болушу мүмкүн. Ошол эле учурда калган катышуучулардын ким экени жана жарандыгы азырынча аныктала элек.

Полиция видеобайкоо камераларынын жазууларын изилдеп, качып кеткен катышуучуларды издеп жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз