Президент тогуз баласы бар милиция кызматкерине унаа тапшырды

Президент Садыр Жапаров Нарынга болгон сапары учурунда тогуз бала тарбиялап жаткан милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнөн кабар алып, аларга минивэн белек кылды.

Мамлекет башчысы үй-бүлөнүн жашоо шарты жана укук коргоо органдарынын кызматкеринин кирешесине кызыкты.

Мамлекеттик ипотека аркылуу батир алган милиционер үй-бүлөдө өзү жалгыз иштерин, ал эми жубайы балдарды тарбиялоо менен алектенип жатканын айтты.

Анын айтымында, буга чейин мамлекет ага турак жайды ижарага алгандыгы үчүн  айына 9 миң сомдон төлөп келген.

Милиция кызматкери анын айлык акысы 107 миң сомду түзөрүн билдирди. Ипотекалык батирге 28 миң сомдон төлөйт.

«Кудайга шүгүр, жетет», - деди ал.

Маектешүү учурунда Садыр Жапаров өзүнүн үй-бүлөсү тууралуу да айтып берди.

«Менин да энем "Баатыр эне" болгон. Мен 11 бир тууган болчумун. Бирөө каза болуп калды, эркек. Азыр беш кыз, беш эркек барбыз», - деди президент.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз