Ош облусу менен Тоолуу Бадахшан облусу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрөт

20-23-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевдин тапшырмасы менен орун басары Талантбек Арстанкулов жетектеген кыргыз делегациясы Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул сапар 2025-жылдын 12-13-мартында Тажикстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлган Ош облусу менен Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун ортосундагы 2025-2030-жылдарга карата кызматташуу программасын ишке ашыруу максатында уюштурулду.
 
Хорог шаарында Талантбек Арстанкулов Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун төрагасы Мирзонабот Алишер Худоберди менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашты.
 
“Ош облусу менен Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу чектеш аймактар болгондуктан, бизди тарыхый жана маданий окшоштуктар, ошондой эле соода-экономикалык байланыштар байланыштырат. Айрыкча, Нооруз майрамы сыяктуу жалпы баалуулуктар биздин достук мамилебизди жана маданий байланышыбызды бекемдөөгө өбөлгө түзөт. 2025-2030-жылдарга карата кызматташтык программасы эки аймактын өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп ишенем”, – деди Арстанкулов.
 
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода жүгүртүүнү жогорулатуу, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө жана чектеш аймактардагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча конкреттүү маселелер талкууланды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз