"Эл үмүтү" президенттик стипендиясына 26 жаран татыктуу деп табылды. Тизме
2026–2027-окуу жылына карата өткөрүлгөн сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча 26 жаран КР президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына ээ болушту. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинен 14 стипендиат биринчи окуу жылында билим алууну баштайт, дагы 12 стипендиат экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында окуусун улантат.
Алар дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде илим, технология, билим берүү, экономика, мамлекеттик башкаруу, саламаттык сактоо жана башка артыкчылыктуу багыттар боюнча билим алышат.
Окуунун биринчи жылы:
Абдумомун кызы Бурулай — Чикаго университетинин Харрис мамлекеттик саясат мектеби, «Энергетикалык жана климаттык саясат» программасы боюнча магистратура;
Маатказиева Нази Эрнисовна — Улуу Британиядагы Бирмингем университети, «Компьютердик илимдер» программасы боюнча магистратура;
Сыдыкова Азиза Абдыкадыровна — Сидней технологиялык университети, «Маалыматтар илими жана инновациялар» программасы боюнча магистратура;
Тиленбаева Айгерим Жолдошбековна — Түштүк Калифорния университети, «Шаардык дизайн жана турак жай долбоорлоо» программасы боюнча магистратура;
Эмилев Чымбылат Эмилевич — Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университети, «Колдонмо аналитика, «жаңы технологиялар» адистешүүсү программасы боюнча магистратура;
Абдыкалыков Раатбек Кылычбекович — Сан-Диегодогу Калифорния университети, «Бизнес-аналитика» программасы боюнча магистратура;
Памиров Кутман Жалалбекович — Лондон университеттик колледжи, «Финансы, туруктуу кирешелүү баалуу кагаздар» адистешүүсү программасы боюнча магистратура;
Абасканова Алия Таалайбековна — Амстердам университети, «Эл аралык жана европалык укук» программасы боюнча магистратура;
Атабекова Бегимжан Тургунбековна — Шотландиядагы Глазго университети, «Билим берүүдө жасалма интеллект» программасы боюнча магистратура;
Даирова Айгерим Даировна — Гарвард университети, «Билим берүү саясаты жана талдоо» программасы боюнча магистратура;
Кудаяров Чынгыз Жылдызбекович — Эдинбург университети, «Адамдын когнитивдик нейропсихологиясы» программасы боюнча магистратура;
Оморкулова Оксана Оморкуловна — Лондон экономика жана саясий илимдер мектеби, «Эл аралык миграция жана мамлекеттик саясат» программасы боюнча магистратура;
Тургунбаев Акмырза Максатбекович — Шотландиядагы Эдинбург университети, «Эл аралык мамилелер» программасы боюнча магистратура;
Стамбекова Айпери Азатбековна — Оксфорд университети, география жана айлана-чөйрө жаатындагы философия доктору (PhD) программасы боюнча.
Окуунун экинчи жана үчүнчү окуу жылдарына:
Бахавадинов Эркебай Жайнакбаевич — Сидней технологиялык университети, «Маалыматтар жана инновациялар жөнүндө илим» программасы боюнча магистратура;
Камчыбеков Атай Максатович — АКШдагы Пердью университети, «Бизнес-аналитика жана маалыматтарды башкаруу» программасы боюнча магистратура;
Нишанов Эрбол Манасбекович — Лос-Анджелестеги Калифорния университети, «Биоинженерия» программасы боюнча магистратура;
Нурбеков Азатбек Нурбекович — Чикаго университети, «Компьютердик талдоо жана мамлекеттик саясат» программасы боюнча магистратура;
Батыргалиев Улукбек Бактыбекович — Стэнфорд университети, «Коомдук саламаттык сактоо» программасы боюнча магистратура;
Жакшыбаева Айгерим Каныбековна — АКШдагы Эмори университети, «Коомдук саламаттык сактоо» программасы боюнча магистратура;
Жолдошалиева Мира Жолдошалиевна — Батыш Австралия университети, «Бизнес-аналитика» программасы боюнча магистратура;
Акылбеков Азамат Искакович — Копенгаген университети, философия доктору (PhD) программасы боюнча, «Коомдук саламаттык сактоо» адистиги боюнча;
Мадемилов Маамед Жолдошбекович — Копенгаген университети, философия доктору (PhD) программасы боюнча, «Коомдук саламаттык сактоо» адистиги боюнча;
Момошова Асель Кадыржановна — Кембридж университети, философия доктору (PhD) программасы боюнча, «Жер экономикасы» адистиги боюнча;
Жеенбекова Алымкан Суеркуловна — Гумбольдт атындагы Берлин университети, философия доктору (PhD) программасы боюнча, «Фольклористика» адистиги боюнча;
Абдыкадырова Света Бакытбековна — Рейн-Вестфаль техникалык Ахен университети, «Жер жөнүндө колдонмо илимдер» программасы боюнча магистратура.
«Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы Кыргызстандын эң таланттуу жаштарына ыйгарылып, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошо ала турган жаңы муундагы адистерди даярдоого багытталган.
Программа жаштарга дүйнөнүн алдыңкы чет өлкөлүк университеттеринде заманбап билим жана компетенцияларды алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул Кыргызстандын илимий потенциалын өнүктүрүүгө, инновацияларды киргизүүгө жана экономиканын, илимдин, саламаттык сактоонун жана мамлекеттик башкаруунун негизги тармактары үчүн адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.
Стипендия магистратура жана PhD докторантурасы деңгээлинде билим алуу үчүн дүйнөнүн алдыңкы чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына жана QS World University Rankings жана Times Higher Education дүйнөлүк рейтингдеринде алдыңкы 100гө кирген билим берүү программаларына берилет.
Ар бир стипендиаттын окуусун каржылоо президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

