Садыр Жапаров Түркмөнстанга барды
Президент Садыр Жапаров 8-октябрда Түркмөнстанга жумушчу сапары менен барды.
Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын учагы Түркмөнбашы шаарындагы эл аралык аэропортко конду.
Садыр Жапаровду учактан түшкөндө Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов тосуп алды.
Жумушчу сапардын алкагында президент КВГГЦА+АР жыйынына жана КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышат. Ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

