Орусиянын ракетасынан улам Украинанын бир шаарында 20дан ашуун адам каза болду

Чернигов облусунун Прилуки шаарындагы турак үйдө Орусиянын ракеталык соккусунан каза болгондордун саны 7-октябрда 22 адамга жетти, алардын бешөө — балдар. Дагы 54 адам жабыркады, деп билдирди Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы.

Прилукиде түнү бою издөө-куткаруу иштери уланды. Шаарда башка турак үйлөр, балдардын чыгармачылык борбору, ишканалар жана автоунаалар талкаланды. Прилукиде үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, орус аскерлери Киевге жана 12 облуска болгон массалык чабуул учурунда 70 ракета жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонгон. Аба күчтөрү атып түшүрүлгөн беш баллистикалык жана 39 канаттуу ракета, ошондой эле жок кылынган 117 дрон тууралуу билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага, анын ичинде Прилукиге массалык сокку урулганын ырастап, ракета жана дрондорду өндүрүү менен байланышкан ишканалар бутага алынганын билдирди. Орусиялык мекеме украиналык FP-5 «Фламинго» ракеталарынын тетиктерин чыгарган жана сактаган «Пластмасс-Прилуки» заводу бутага алынганын жарыялады.

Сокку Полтава облусунун Кременчуг шаарындагы турак жай кварталына да тийди. Ракета үч тогуз кабаттуу үйдүн жанындагы короого түштү. 72 жаштагы аял жана 40 жаштагы эркек каза болуп, 40тан ашык адам жабыркады.

Орусиялык аскерлердин маалыматы боюнча, бутага «Фламинго» ракеталарынын учуруучу түзүлүштөрү үчүн шасси чыгарган Кременчуг автоунаа заводу («КрАЗ») алынган.

Киевде шаардын үч районунда зыян катталды. Дарница районунда эки күзөтчү — 66 жана 73 жаштагы эркектер каза болду.

Оболонь районунда куткаруучулар дрон сыныктары түшкөндөн кийин өрттөнгөн автоунаанын жанынан аялдын сөөгүн табышты. Кийинчерээк Киевдин мэри Виталий Кличко дагы бир каза болгон эркек киши жөнүндө билдирди. Шаардык аскердик администрация кечки чабуулдун натыйжасында эки адам каза болгонун жарыялады.

Соломенск районунда беш кабаттуу турак үйдөгү өрттөн жети адам жабыркады. Борбор калаада суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап, электр энергиясы өчүрүлдү.

Ракетанын сыныктары А. Довженко атындагы улуттук киностудиянын эки  павильонун талкалады. Киев облусунда да үч өндүрүштүк-кампа имараты талкаланды.

Орусия ошондой эле Кировоград облусунун Александрия, Днепр жана Харьков облусунун Лозовая шаарындагы объектилерге сокку урулганын билдирди.

Александрияда эки адам каза болуп, үчөө жаракат алды, дагы бир адам дайынсыз жоголду. Өнөр жай объектисинде болжол менен 2 миң чарчы метр аянтта өрт чыкты.

Днепрде өнөр жай объектиси жана 16 көп кабаттуу үй талкаланды.

Зеленский буга чейин эле Орусиянын массалык чабуулу даярдалып жатканын эскерткен болчу. Бир күн мурун Украина да Москвага массалык сокку урган. Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев эки адам каза болуп, 10 адам жаракат алганын жана 50гө жакын үй талкаланганын билдирди. Анын маалыматы боюнча, Подмосковьенин үстүнөн 185 украиналык дрон атып түшүрүлгөн.

Орусиянын Коргоо министрлиги Орусиянын аймактарынын үстүнөн 868 учкучсуз учуучу аппарат жок кылынганын жарыялады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз