Сот Атамбаевдин уулу менен Темирлан Султанбековго өкүм чыгарды
8-октябрда Биринчи май райондук сотунда массалык башаламандыктарды уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу иши боюнча айыпталып жаткан «Социал-демократтар» партиясынын өкүлдөрү, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге өкүм чыкты.
Сот иши судья Искандер Саргалдаковдун төрагалыгы алдында жабык режимде өттү.
Сот төмөнкүдөй өкүм кабыл алды:
- Темирлан Султанбеков бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыратылды;
- Кадырбек Атамбаев бийликти күч менен басып алуу беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылды;
- Эрмек Эрматов кылмышты жашыруу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылдык пробация жазасы чегерилди.
- Кубанычбек Кадыров акталды;
- Казакстандын жана Кыргызстандын жараны Абдурахим Абдрахманов жазаны жарым-жартылай кошуу жолу менен 8 жылга эркинен ажыратылды;
- Казакстандын жараны Серикбай Кабыланбек 1 жыл 9 айга эркинен ажыратылды, бирок ал тергөө учурунда жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу камактан бошотулду. Эми ал Кыргызстандан чыгарылышы керек.
Ошондой эле сот ИИМдин тергөөчүсү Ибраев тарабынан ишти тергөө учурунда мыйзам бузулгандыгына Башкы прокуратуранын жана ИИМдин көңүлүн бурду. Аныктаманын көчүрмөсү эки мекемеге тең жөнөтүлөт. Алар кабыл алынган чаралар тууралуу бир айлык мөөнөттө Биринчи май райондук сотуна жазуу түрүндө маалымдашы керек.
Ошондой эле сот Абдурахим Абдрахмановдун Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү (чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча ишин Кылмыш-процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунун негизинде кыскартты.
Тергөөчү жана ишти кыскартуу боюнча токтомго 10 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанууга болот.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

