Нурайым Бийназарова: “Өлкөмдүн келечеги үчүн кайдыгер эмесмин”

Кара-Суу шаарындагы “Знайка” балдар бакчасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Нурайым Исмаиловна Бийназарова менен маек. 
 
- Саламатсызбы, Нурайым эжеке? Алгач эле биринчи суроом төмөндөгүдөй болсун: бир эмес, эки бала бакчада иштеп, көп эмгек кылыпсыз, бала бакчанын маанилүүлүгү эмнеде деп ойлойсуз?
- Бала бакчанын мааниси: Биринчиден, эртеңки келечек үчүн түптөлгөн пайдубал. Бала бакча – бул балдардын келечектеги ийгиликтеринин башаты. Ал социалдык көндүмдөрдү өнүктүрүүчү, билим алууга болгон алгачкы кызыгууну ойготкон жана өз алдынчалуулукту калыптандырган маанилүү этап. Бала бакчанын негизги ролу - баланын коомго ыңгайлашуусу. Бала бакчага барган наристелер ата-энесинен биринчи жолу узак убакытка ажырап, өз алдынча болууга үйрөнүшөт. Бул алардын социалдык жөндөмдөрүн өркүндөтүп, достор менен тил табышууга, чогуу ойноого жана бөлүшүүгө үйрөтөт.
 
Экинчиден,  билимге болгон кызыгуунун жаралышы. Бала бакчада билим берүү программалары атайын оюн аркылуу жүргүзүлөт. Бул баланын интеллектуалдык жөндөмүн өнүктүрүп, илим-билимге болгон кызыгуусун арттырат. Түстөрдү, тамгаларды, сандарды үйрөнүү менен катар чыгармачылык ой жүгүртүү да өрчүйт.
 
Үчүнчүдөн, тартип жана жоопкерчилик. Белгилүү бир тартипке көнүү – баланын келечектеги ийгилиги үчүн маанилүү факторлордун бири. Тамактануу, уктоо, оюн жана билим алуу белгилүү бир тартип менен жүргүзүлүп, бала жоопкерчиликти сезе баштайт.
 
Төртүнчүдөн,  психологиялык жана эмоционалдык өнүгүү. Бала бакчада ар кандай мүнөздөгү балдар жолугат, ар кандай кырдаалдар жаралат. Бул процесстер баланын эмоционалдык туруктуулугун калыптандырып, кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөтөт.
 
-Бала бакча тандоодо ата-энелер эмнеге көңүл бурушу керек?
 
-Бала бакча тандоодо анын тарбиялоо методикасына, коопсуздук деңгээлине жана педагогдордун кесипкөйлүгүнө өзгөчө көңүл буруу керек. Ошондой эле, ата-энелер тарбиячылар менен тыгыз байланышта болуп, баланын өнүгүү процесстерине катышуусу маанилүү.
 
-Эми өзүңүз тууралуу да кеңири маалымат бере  кетсеңиз. Андан сырткары, көптөгөн чет элдик уюмдар менен да тыгыз иштешет экенсиздер, ошол боюнча да айтсаңыз.
 
-Биринчи бардык жасаган эмгегим, кеткен убактым, сарптаган материалдык чыгымдарым, уйкусуз  ой баскан түндөрүм, ийгилигимдин азыркы учурдагы жемиштери, бир гана Жараткандын ыраазылыгы үчүн болсун. Чын көңүлдөн каалоо болсо, ниетке жараша максаттар орундалат экен.
 
Мен 1989-жылы Кара-Суу шаарындагы К. Жакыпов атындагы мектеп-интернатын күмүш медаль менен аяктап, Ош мамлекеттик университетинин география, кошумча биология факультетине тапшырып,1994-жылы аяктадым. Эмгек жолуму 1995-жылы Кара-Суу районундагы Агартуу орто мектебинде география сабагынан мугалим болуп  баштаганмын. Жөнөкөй адам мугалим болбосо керек. Келечекке кайдыгер карабаган, коомдун өнүгүүсүнө салым кошо алган, бардык нерсени алдын ала туя, көрө билген адам, чыныгы мугалим боло алат деп эсептейм. Мугалим болуп иштеп жүргөн учурумда балдарымы шаарга бала бакчага ташып, кыйналган учурлар көп эле болду. Союз тарагандан кийин айылдарда бала бакчалар жокко эсе болуп, биздин келечегибиз болгон балдарыбыздын 90 пайызы бала бакчага барбай эле мектепке келип, бала бакчага барган жана барбаган балдардын ортосунда чоң айырмачылык болот эле.  Билимдүү адамдар күчтүү өлкөнү кура алат, а  биздин фундаментти түптөгөн бала бакчабыз жок болсо, келечек кандай болор экен деген ой болор эле. СССР ыдыраганга чейин мектепти аяктап, андагы алган тарбия, билим, келечеке болгон үмүт, жашоомдо чоң роль ойноду десем жаңылышпайм. 
2013-жылы,  эл акча табуу, бизнес  куруу менен алектенген учурда, мен айылга бала бакча уюштурууну максат кылдым, ошол учурда Кара-Суу районунун жана Жоош айыл өкмөтүнүн жетекчилиги элдин суроо-талабын эске алып, макулдугун беришти. Айылда 60 пайыз өзбек жана 40 пайыз кыргыз улутунун өкүлдөрү жашайбыз, ал убакта  өкмөттүн имараты жок, бош турган өз үйүмө жолдошум А. Бекешовдун жардамы менен  60 балага ылайыкташтырып шарт түзүп, эки топтон турган “Нураида” мектепке чейинки билим берүү уюмун уюштурууга бел байладым.
 
Айылда алгач 14 адам жумуш менен камсыз болуп, 60 бала кыргыз тилинде билим алганы мен үчүн  чоң ийгилик болду. Үй шартында 5 жыл иштеп, 2018-жылы айылыбызга жаңы мектеп салынып, бала бакча эски мектептин имаратына  көчүп өтүп, кошумча  бир топко  25 бала  тартылып, дагы эки жумуш орду пайда болду. 2022-жылы Жоош айыл өкмөтүбүздө Түштүк Корея Республикасынын “Гуд Нейборс”,  “Айылдарды өнүктүрүү” долбоору ишин баштап, анда айылыбызда  “Гайрат өнүгүү” коомдук бирикмесинин  аялдар кеңешинин  төрайымы болуп шайландым. 2023-жылы ушул долбоор  тарабынан бала бакчабыздын аймагына  100 чарчы метр имарат курулуп, дагы бир топко 25 бала тартылды. Азыркы учурда жалпысынан төрт топто 100  бала тарбияланып, 20 айыл тургуну жумуш менен камсыз болду. 2023-жылы ушул эле “Гуд Нейборс” долбоору  тарабынан “Чакан бизнестерди колдоо” долбоору старт алып, кошумча орус тили, англис тили курстарын ачуу боюнча баяндама кылып, 139 миң сомдук интерактивный панель утуп алдым,бул да болсо айыл жергесиндеги балдарды заман талабына ылайык окутуу, ишке ашкан бир ийгилигимдин жыйынтыгы деп эсептейм. 
 
Бир бала бакчада 11 жыл иштегеним үчүн, 2024-жылы жетекчилик орундарга жарыяланган конкурска мен  катыша албадым. 28- октябрында директорлук жумушуму конкурстан өтүп келген жаңы жетекчиге бошотуп, азыр тарбиячы болуп эмгектенүүдөмүн. 
 
Бул бала бакча менен гана чектелбестен Кара-Суу шаарына 2021-жылы күз айларында, жеке менчик бала бакча уюштуруу үчүн интернет булактарынан көрүп, Ага-Хан фонду тарабынан каржыланган USAIDдин “Эрте жаш курактагы балдарды өнүктүрүү” долбооруна катышып, жакшы билим алып, 3 миң АКШ долларлык грант утуп алдым. Жаңы баштаган жумушум үчүн бул өтө чоң жардам жана мотивация болду. Андан кийин ушул эле долбоордун алкагында тарбиячыларды жаңы интерактивдүү усулдар менен сабак өтүүнү үйрөткөн, өтө пайдалуу окуулар бир жыл бою уюштурулуп, тарбиячыларыбыз балдарды окутууда жакшы жыйынтык алышты. 
 
Азыркы учурда Кара-Суу шаарындагы  “Знайка”балдар бакчасынын негиздөөчүсүмүн. Бала бакча  75 балага ылайыкташтырылып, балдарга билим берип келүүдөбүз. Тажырыйба алмашуу өнүгүүнүн бир жолу болуп эсептелет эмеспи, ошондуктан билим берүү тармагында башка өнүккөн  өлкөлөр менен тажырыйба алмашуу жакшы жыйынтык берет деген ойдомун. Ошентип, жалпы коллективибиз менен ынтымакта, эриш-аркак иштеп келүүдөбүз. Бул жылдар аралыгында: 2013-жылы Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлүнүн Ардак грамотасы, 2018-жылы Кара-Суу райондук Жоош  айылдык аймагынын  Ардак грамотасы,  2019-жылы Ош Билим берүү институтунун Ардак грамотасы,  2021-жылы  Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, 2024-жылы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен сыйландым.
 
-Маек соңунда жыйынтыктоочу сөзүңүз?
 
-Бала бакча – бул баланын келечектеги билим алуусунун социалдык адаптациясынын жана мүнөзүнүн калыптанышындагы эң маанилүү баскыч. Андыктан, ар бир ата-эне бул маселеге жоопкерчилик менен мамиле кылып, өз наристесине мыкты шарттарды түзүүгө аракет кылышы керек.
 
-Маек үчүн сизге терең ыраазычылык билдирем. 
 
Маектешкен: Гүлзада Өскөнбаева.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз