Эр-Риядга жасалган соккунун кесепетинен 12 адам каза болду

Эр-Рияддагы «Падыша Халид» атындагы эл аралык аэропортуна жасалган соккунун кесепетинен 10-октябрда 12 адам каза болуп, дагы 309у жаракат алды. Бул тууралуу 11-октябрда Сауд Арабиясынын Жарандык авиациянын башкы башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында Сауд Арабиясынын төрт жараны жана сегиз чет элдик бар: эки бангладештик, АКШнын, Египеттин, Иорданиянын, Сириянын, Палестинанын жана Судандын жарандары.

Жаракат алгандар бир нече ооруканада дарыланууда, алардын айрымдарынын абалы оор. Чабуулдан келтирилген материалдык зыян аныкталууда.

Акыркы учурда аэропорт йемендик хуситтер тарабынан бир нече жолу чабуулга кабылды.

Бир күн мурун Даммам аэропортуна жакын жерге снаряд түшкөнү тууралуу кабарланган, бирок курмандыктар жана зыян тууралуу маалымат түшкөн эмес. Соккулар Йемендеги жаңжалдын курчушунан улам болууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз