Сыргак Кенжебаев кармалды
Алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн К.С. аттуу жаран чет өлкөдөн кармалды. Ал Кыргызстанга алып келинип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, К.С. биргелешкен ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен жабырлануучу М.Н.нын 150 миң долларын алган. Бул факты боюнча ага издөө жарыяланган.
ИИМдин маалыматы боюнча, К.С. өлкө аймагынан тышкары жүргөндө интернетке чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялап, бийликти басып алуу максатын көздөгөн митингдерди уюштурууга чакырыктарды жасап турган.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси жана 278-беренесинин (массалык башаламандыкка даярдануу) 1-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгогон.
Учурда тергөө иштери уланууда.
ИИМ жарыялаган видеодо Сыргак Кенжебаев экени көрүнөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

