Бул жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө кеткен чыгаша 149,8 миллиард сомго чейин өсөт
2028-жылы бюджетке эң чоң карыздык жүк түшөт. Бул жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө кеткен чыгаша 149,8 миллиард сомго чейин өсөт. Бул тууралуу 12-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында финансы министри Руслан Сүйналиев билдирди, деп жазат "Баракелде" басылмасы.
Анын айтымында, 2027-жылы карыздын негизги суммасын төлөөгө 80,3 миллиард сомго жакын жана пайыздарды төлөөгө 54,9 миллиард сом жумшалат.
2028-жылы тышкы карызга 52,5 миллиард сом, ички карыз боюнча 97,3 миллиард сом жумшалат.
2029-жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө кеткен чыгашалар 144,5 миллиард сомду түзөт.
Маалымат:
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 31-июлуна карата КРдин мамлекеттик карызынын (тышкы + ички) көлөмү 10 миллиард 156,71 миллион АКШ долларын (888 миллиард 204,25 миллион сом) түздү, анын ичинен:
· 51,1%ы— мамлекеттик тышкы карыз: 5 миллиард 193,77 миллион доллар (454 миллиард 194,86 миллион сом);
· 48,9%ы — мамлекеттик ички карыз: 4 миллиард 962,94 миллион доллар (434 миллиард 9,39 миллион сом).
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

