Сыймык Жапыкеев кармалды

Бишкекте Сыймык Жапыкеев кармалды, деп билдирди шаардык милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда саат 02:11де Жаманбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн тургунунан чалуу түшкөн. Анын айтымында, коңшу батирден ызы-чуу жана кыйкырыктар угулган.

Окуя болгон жерге Биринчи май РИИБдин кызматкерлери барган. Милициянын маалыматы боюнча, мас абалындагы Жапыкеев алардын талаптарына баш ийбей, сөгүнүп, акырында милициянын бөлүмүнө жеткирилген.

Иш боюнча териштирүү улантылууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз