Кыргызстанга мыйзамсыз кирген кытайлык жаранды өлкөгө киргизип жиберген чек арачы жазаланды
Аламүдүн районунун соту чек арадан Кытай жаранынын мыйзамсыз чыгып кетишине жол берген «Ак-Жол» өткөрмө пунктунун мурдагы чек ара кызматкерине карата өкүм чыгарды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2025-жылы визасы жок Кытай жараны тосмодогу тешиктен Кыргызстанга жашыруун кирип кеткен. Кийин ал кайра чыгуу үчүн өткөрмө пунктка келгенде, чек арачы чет элдик жарандын чек арадан мыйзамсыз өткөнүн билсе да, өзүнүн базасы аркылуу анын Казакстанга чыгып кеткенин расмий түрдө каттап берген. Сотто ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, прокуратура менен кызматташуу боюнча келишим түзгөн.
Мындан улам сот аны КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 393-беренесинин 1-бөлүгү (чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузуу) боюнча күнөөлүү деп таап, ага 20 миң сом айып пул салды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

