Кыргызстандын Кытайдагы жаңы элчисинин өмүр баяны
Айзада Субакожоева 16-октябрда Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Өмүр таржымалы
Субакожоева Айзада Муратбековна 1979-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында туулган.
Билген тилдери — кыргыз, орус, кытай, англис тилдери.
Билими
2001-жылы Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетин аяктаган (артыкчылык диплому).
2004-жылы Пекин университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.
Эмгек жолу
2004-2006-жылдары — Бишкек гуманитардык университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу;
2005-2006-жылдары — Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Кытай тили борборунун аткаруучу директору;
2006-2007-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин 3-катчысы;
2007-2009-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү департаментинин 3-катчысы;
2009-2013-жылдары — Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилигинин атташеси, 3-катчысы;
2013-2015-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Чектеш өлкөлөр департаментинин 3-катчысы, 2-катчысы, 1-катчысы;
2015-2016-жылдары — Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;
2016-2017-жылдары — Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн кырдаалдык-талдоо секторунун башчысы.
Толук маалымат менен «Кто есть кто?» сайтынан таанышууга болот.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

