Зеленский «Starlink′тин» чектөөлөрү алына электигин билдирди
Америкалык «SpaceX» компаниясы украиналык кармап калуучу дрондор үчүн «Starlink» спутниктик байланышын колдонууга коюлган чектөөлөрдү дагы деле ала элек. Бул дрондор америкалык «Patriot» абадан коргонуу ракеталары жетишсиз болуп жаткан маалда, орусиялык реактивдүү дрондордордон коргонуунун эң маанилүү каражаттарынын бири. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийбилдирди.
«Фронттун ар кайсы тилкелеринде [Starlink] жабдуу 130-161 км/саат ылдамдыкта иштебей калып жатканын байкап жатабыз. Бул биздин фронттогу логистиканы басаңдатып, ар кандай түрдөгү дрондорду, баарынан мурда орто аралыкка учуучу жана реактивдүү «шахеддерди» кармап алуучу дрондорду колдонууну чектеп жатат», - деп жазды Зеленский телеграм-каналында.
Буга чейин украин бийлиги «Starlink′тин» аскердик версиясы — «Starshield′дин» иштешинде мүчүлүштүктөр болуп жатканын билдирген. Чектөөлөрдөн улам бир нече аскердик операция ишке ашпай калганы айтылган. «SpaceX» компаниясынын башчысы Илон Маск өз кезегинде «Starshield» системалары АКШ бийлигинин көзөмөлүндө экенин жана ылдамдык же колдонуу көлөмү боюнча ар кандай чектөөлөрдү АКШнын президенти аныктай турганын билдирген.
Ал эми амлекеттик департаменттин башчысы Марко Рубионун айтымында, системага жетүү толугу менен калыбына келтирилген. Ал болуп жаткан чектөөлөрдү техникалык көйгөйлөр деп атап, алардын себептери белгисиз бойдон калып жатканын белгиледи.
Мамлекеттик катчынын айтуусуна караганда, Киев системаны Орусиянын аймагында операцияларды жүргүзүү үчүн колдонууга уруксат берүүнү суранган, бирок АКШ баш тарткан. Зеленский өткөн бейшембиде системанын иши калыбына келтирилгенин, бирок толук көлөмдө эмес экенин билдирген.
«The Telegraph» гезитинин булактарынын маалыматы боюнча, Украинада «Starlink′тин» иштешин чектөө идеясын Дональд Трампка орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жасалган чабуулдардан улам Илон Маск сунуштаган. Алардын айтымында, Ак үйдүн башчысы бул сунушка макул болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

