Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командирикармалды
20-октябрда Аскер прокуратурасы менен биргеликте келишим боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларын Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командиринин жеке үйүнүн курулушуна тартуу фактысы аныкталды, деп кабарлады 21-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы.
Тергөө учурунда аскер кызматчыларынын арасында суткалык нөөмөттө болгондор да бар экени аныкталды.
Бул факты боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш иши козголду.
Полковник И.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

