СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева дүйнө салды

СССРдин эл артисти, ырчы Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты, деп 20-октябрда Кыргыз улуттук консерваториясынан билдиришти.

Кайыргүл Сартбаева — советтик жана кыргыз опера ырчысы (лирикалык-драмалык сопрано), педагог.

Ал 1936-жылы 20-июнда Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган. 1962-жылы П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын бүтүрүп, Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болгон.

Сартбаева 50дөн ашык опера партиясын аткарган, анын ичинде «Евгений Онегиндеги» Татьянаны, «Пиковая дамадагы» Лизаны, «Фаусттагы» Маргаританы жана «Жамиля» операсындагы Жамиляны. Ал көптөгөн өлкөдө гастролдо болгон, ал эми 1987-жылдан тартып Кыргыз улуттук консерваториясында сабак берген.

Искусствого кошкон салымы үчүн ага Кыргыз ССРинин эл артисти (1974) жана СССРдин эл артисти (1980) наамдары ыйгарылган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз