Израилдеги парламенттик шайлоодо эки негизги саясий блок тең көпчүлүк добушка ээ боло албай калышы мүмкүн
Израилде парламент — Кнессетке шайлоо аяктады. Үч ири телеканалдын экзитполдорунун жыйынтыгына ылайык, негизги эки саясий блоктун бири да парламентте көпчүлүктү камсыздай албайт. Бул тууралуу «Би-би-си» маалымдады.
Kan 11 жана Channel 13 телеканалдарынын экзитполдоруна ылайык, мурдагы Башкы штабдын жетекчиси Гади Айзенкот баштаган оппозициялык блок менен премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун блогу 51ден мандат алышы мүмкүн. Ал эми Channel 12 телеканалынын сурамжылоосунда Айзенкоттун блогу 50, Нетаньяхунун блогу 52 мандатка ээ болору болжолдонгон. Өкмөт түзүү үчүн Кнессеттеги 120 орундун кеминде 61ине ээ болуу зарыл. Ошол эле учурда араб партиялары рекорддук сандагы мандатка — 17–18 орунга ээ болушу мүмкүн.
Жалпысынан парламенттеги 120 орун үчүн 37 партия ат салышты. Израилдин тарыхында бир да саясий күч парламенттеги абсолюттук көпчүлүккө ээ болгон эмес. Ошондуктан өлкөдөгү бардык өкмөттөр коалициялык негизде түзүлүп келген.
Бул жолку шайлоодо шайлоочулардын катышуусу да рекорддук көрсөткүчкө жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00гө карата добуш берүүгө укугу бар жарандардын 74,3 пайызы шайлоого катышкан. Мындай жогорку көрсөткүч 1973-жылдан бери, шайлоочулардын катышуусу боюнча статистика жүргүзүлө баштагандан тартып, биринчи жолу катталды.
Айзенкот экзитполдордун жыйынтыгы Нетаньяхуга жана анын өкмөтүнө болгон ишенимдин толук жоголгонун көрсөтүп жатканын билдирди. Анын айтымында, эгер болжолдор ырасталса, оппозиция элдин эркин ишке ашыруу жана Нетаньяхунун өкмөтүн алмаштыруу үчүн дароо аракетке киришет.
77 жаштагы Нетаньяху 1996-жылы алгачкы жолу премьер-министр болуп шайланган. Ал Израилдеги таасирдүү саясий ишмерлердин бири бойдон калууда. Анын азыркы премьер-министрлик мөөнөтү 2022-жылы башталган. Нетаньяхунун акыркы өкмөтүнүн курамына биринчи жолу ашкере оңчул партиялардын өкүлдөрү кирген. Саясий атаандаштары бул партияларды экстремисттик көз караштарды карманат деп эсептешет.
Нетаньяхунун негизги атаандашы — Айзенкоттун «Яшар» партиясынын айланасына бириккен бейрасмий оппозициялык блок. Анын курамында оңчулдардан тартып солчул-центристтик күчтөргө чейинки ар түрдүү саясий кыймылдар бар. Аларды бириктирген башкы максат — Нетаньяхуну бийликтен кетирүү.
Айзенкот 2023-жылдын 7-октябрындагы чабуулдардан кийин Нетаньяхунун согуштук кабинетинин курамына кирген. Бирок сегиз айдан кийин премьер-министрди сынга алып, кабинеттен кеткен.
Шайлоо өнөктүгү учурунда ал Нетаньяхуну «коркутууга, жалган маалыматка жана опузага негизделген өнөктүк жүргүзүп жатат» деп айыптаган. Ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин эли шайлаган кайсы гана лидер болбосун, аны менен толук кызматташууга даяр экенине ишеним билдирген.
Айзенкот палестиналыктар менен жаңжалды эки мамлекет түзүү принцибинин негизинде жөнгө салууга каршы чыгат. Бул принцип ондогон жылдар бою жүргүзүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн негизин түзүп келген. Ошол эле учурда ал Израил басып алган Батыш жээкте жөөт отурукташуучуларынын палестиналыктарга карата зомбулугун сынга алган.
Ал эми Нетаньяху шайлоо өнөктүгүндө согуш мезгилиндеги лидер катары тажрыйбасына жана АКШнын президенти менен түзгөн өнөктөштүгүнө басым жасаган. Жекшемби күнү ал Трамп Ирандан келип жаткан коркунучту биротоло жоюу үчүн кайрадан чара көрүүгө даяр экенин, бирок бул Нетаньяху бийликте калган учурда гана мүмкүн болорун билдирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

