Жаңы үлгүдөгү 50 жана 20 сомдук жүгүртүүгө чыкты

КР Улуттук банкы 27-октябрдан тартып Кыргызстанда алгачкы жолу чыгарылган, 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы жаңы банкнотторду жүргүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Банкноттордо учурдагы жүгүртүүдөгү бешинчи сериянын дизайны сакталган: алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы бетинде тарыхый маданий объектилер, ошондой эле банкноттордун өлчөмү жана түстүү жасалгасы мурункудай. 

Улуттук валютанын бардык банкноттору чыгарылган жылына карабастан Кыргызстандын аймагында төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. 

2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сомдун негизги коргоо белгилери:

Суу белгиси: көп тоналдуу портрет жана номинал түрүндө электротип. 

Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо үзгүлтүксүз болуп көрүнөт, анда номиналдын саны жана Улуттук банктын ромб түрүндөгү логотиби камтылган. 

Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт. 

Сүрөттөрдүн рельефтүүлүгү: портрет, жазуулар, банкноттун сан жана тамга номиналы. 

Көмүскө сүрөттөлүш: банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун белгиси — С көп түстө көрүнөт. 

Жалтырак түс (арткы бетинде): банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби. 

Микротекст, микросүрөттөлүштө флора жана фауна сүрөттөрү жазуу түрүндө берилген.

Банкноттор «Борбор Азия Корголгон Басма Басмаканасы» ЖЧКсы тарабынан даярдалган. 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз