Орусия Киевдеги көпүрөгө сокку урду

Орусиялык аскерлер 26-октябрда кечинде жана 27-октябрга караган түндө Киевге баллистикалык ракеталар менен чабуул жасашты, деп билдирди Украина борборунун мэри Виталий Кличко. Анын маалыматы боюнча, аткылоонун кесепетинен бир адам каза болуп, дагы 14 адам жабыркады. Жабыркагандардын көпчүлүгү — Деснянский районундагы жатакананын студенттери. 

Орусия чабуулунун буталарынын арасында Киевдеги Днепр аркылуу өткөн негизги көпүрөлөрдүн бири — Түштүк көпүрөсү болду.

«Өтмөк жана андагы метрополитендин инфраструктурасы талкаланды», - деп Киев шаардык мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Көпүрөдөгү кыймыл толугу менен токтотулду, ошондой эле метрополитендин кызыл жана жашыл тилкелеринин иши чектелди. Буга чейин Түштүк көпүрөсү Орусиянын соккуларына бир нече ирет кабылган. Акыркы жолу чабуул 22-октябрда болгон. Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдарды тастыктап, өтмөк Донбасска аскер которууну жана аскердик жүктөрдү жеткирүүнү камсыздайт деп түшүндүрүшкөн.

Ошондой эле кечээ кечинде орусиялык аскерлер реактивдүү системалардын жардамы менен Харьковдун Новобаварский районуна сокку урушту. Аткылоонун кесепетинен жеке жана көп кабаттуу турак үйлөр, балдардын билим берүү мекемеси, жеке ишканалардын имараттары жана транспорт каражаттары талкаланды. Эки адам каза болуп, дагы төрт адам жаракат алды.

Киевге жасалган баллистикалык чабуулдун фонунда Украинанын президенти Владимир Зеленский өнөктөштөр тарабынан абадан коргонуу үчүн ракеталарды жеткирүүдөгү кечигүүлөргө жол берилбестигин билдирди. 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз