Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Садыр Жапаров 29-октябрда Түркия Республикасында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды.

Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган. Сыйлыкты Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды.

Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Анкара шаарында өтчү 13-саммитинин алкагында Президенттик сарайда өттү.

Садыр Жапаров ага Түрк дүйнөсүнүн жогорку орденинин тапшырылышы чоң сыймык жана терең сый-урматтын белгиси экенин айтты.

Мамлекет башчысы бул сыйлыкты жеке эмгегинин таанылышы катары гана эмес, кыргыз элинин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош мамлекеттердин ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымына берилген жогорку баа катары кабыл аларын белгиледи.

“Бизди жалпы көп кылымдык тарыхыбыз, бирдиктүү руханий баалуулуктарыбыз, тилдерибиздин жана маданияттарыбыздын жакындыгы бириктирип турат. Бул — биздин баа жеткис мурасыбыз жана биримдигибиз менен ынтымагыбыздын бекем пайдубалы”, — деди президент.

Ал ошондой эле сыйлоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине терең ыраазычылык билдирип, орден түрк дүйнөсүнүн жаркын келечегине болгон жалпы ишенимдин символу экенин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда мамлекет башчысы боордош өлкөлөргө тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү, ал эми элдерге бакубатчылык каалап, алардын ортосундагы түбөлүктүү боордоштукту сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз