Коомдук ишмер Сейитбек Аматов мезгилсиз дүйнө салды

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Сейитбек Юсупович Аматов 2026-жылдын 30-октябрында 70 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.

Сейитбек Аматов 1955-жылы 2-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айылында туулган.

Ал эмгек жолун 1970-жылы Кара-Суу районундагы Киров атындагы колхоздо колхозчу болуп баштаган. Кийин мугалимдик кесипти аркалап, 1978-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология-химия факультетин аяктаган. Ошондой эле 1998-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Адистиги боюнча биология жана химия мугалими, окумуштуу агроном болгон.

Эмгек жолунда билим берүү, айыл чарба жана мамлекеттик башкаруу тармактарында бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. 1980–1984-жылдары ЛКСМдин Кара-Суу райондук комитетинде инструктор, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан соң Кыргыз ССР Коммунисттик партиясынын Кара-Суу райондук комитетинде жана райондук агроөнөр жай бирикмесинде жооптуу кызматтарда эмгектенген.

1986-жылы Ош айыл чарба техникумунун окуу-тарбия иштери боюнча директорунун биринчи орун басары болуп дайындалган. Ал эми 1991-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин аталган окуу жайды жетектеп, анын өнүгүшүнө жана билимдүү адистерди даярдоого салым кошуп келди.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, 1996 жана 2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган. 2011-жылы «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамына татыган.

Сейитбек Аматов коомдук иштерге да активдүү катышып, Ош шаарындагы «Алай» футболдук клубунун вице-президенти жана футболдук команданын жетекчиси катары эмгектенген.

Ал өмүрүн билим берүү тармагына, жаш муундарды тарбиялоого, коомдук иштерге жана өлкөнүн өнүгүшүнө арнады. Анын көп жылдык эмгеги, кесипкөйлүгү жана коомдук ишмердүүлүгү артында калган эмгектери менен эсте калат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, санаалаштарына жана кесиптештерине “Ош жаңырыгы” редакциясынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Сейитбек Аматовдун жаркын элеси аны билгендердин жүрөгүндө түбөлүк сакталат.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 31-октябрь күнү Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарына караштуу Киров айылында өтөт. 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз