Тажикстандын "Рогун" ГЭСинде кырсык болгону айтылууда
Тажикстанда курулушу жүрүп жаткан «Рогун» гидроэлектр станциясында авария орун алып, анын кесепетинен суу менен урандылардын агымы жумушчуларды басып калган. Күбөлөр бештен ашык адам жабыркаганын кабарлашууда, бирок өлкө бийлиги бул маалыматты четке кагууда. Бул тууралуу «Азия-Плюс», «Озоди радиосу» жана «Eurasianet» ЖМКлары жазышты.
Тажикстандын Өнөр жайда жана тоо-кен тармагында коопсуздукту көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, окуя 21-октябрда саат 16:15 чамасында цементтөө иштери жүрүп жаткан учурда болгон. Бул учурда туннелде «Sino Hydro» субподряддык компаниянын кызматкерлери иштеп жаткан.
Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, адегенде техникалык суу чогултуучу жогорку резервуар жарылып, андан соң төмөн жайгашкан суу агызуучу резервуар бузулган. Натыйжада эки объекттеги тең суу адамдар иштеп жаткан туннелди каптаган.
Бийлик өкүлдөрү жумушчулардын бири да жаракат албаганын айтууда. Расмий маалыматка караганда, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин кайрадан жумушуна кайтышкан.
Бирок «Озоди радиосу» күбөлөргө шилтеме жасоо менен кырсыктын кесепетинен бештен ашык адам жабыркаганын билдирди. ЖМКнын маалымат булактары авария 21-октябрда эмес, 22-октябрда болгонун айтышууда.
Авариянын жагдайларын аныктоо үчүн жумушчу топ түзүлдү. Адистер резервуарлардын техникалык абалын, бекиткичтердин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздук талаптарынын сакталышын текшерип жатышат.
«Рогун» ГЭСи Вахш дарыясында, Дүйшөмбү шаарынан болжол менен 110 чакырым алыстыкта курулууда. Долбоордо бийиктиги 335 метр болгон плотинаны куруу каралган, ал курулуш аяктагандан кийин дүйнөдөгү эң бийик плотина болуп калышы керек. Станциянын кубаттуулугу 3600 МВт түзөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

