АКШ Ирандын Кешм аралына сокку урганы айтылууда
АКШ Ормуз кысыгындагы Ирандын Кешм аралына сокку уруп, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун ракета учуруучу түзүлүшүн жок кылды. Бул тууралуу «CNN», «WSJ» жана «Axios» басылмалары өздөрүнүн булактарына таянуу менен билдиришти.
ЖМКлардын маалыматына караганда, 2-ноябрь күнү кечинде жасалган чабуул АКШ тараптын коргонуу жообу болгон: Иран аралдан америкалык истребителге ракета учурган, ошондой эле соода кемелерине сокку урууга аракет кылган. 3-ноябрь эртең менен Ирандын мамлекеттик агенттиктери Кешм аралында жарылуулар болгонун ырасташты.
«WSJ» булактары белгилегендей, АКШ акыркы апталарда Иранга чакан соккуларды урууда. Вашингтон бул чабуулдар боюнча расмий түшүндүрмө бере элек.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

