Демократтар АКШнын Сенатынын көпчүлүгүн түздү

АКШнын Демократиялык партиясы 3-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча Сенатта көпчүлүккө ээ болду. «Associated Press'тин» маалыматы боюнча, демократтар республикачылардан негизги орундарды тартып алып, Конгресстин жогорку палатасындагы көзөмөлдү алышты.

Техас, Огайо, Түндүк жана Түштүк Каролинадагы жеңиштер чечүүчү болду. Техаста демократ Жеймс Таларико президент Дональд Трамп колдогон республикачы Кен Пакстонду жеңип алды. Бул демократтардын 1988-жылдан берки Техастан Сенатка шайлоодогу биринчи жеңиши.

Огайодо мурдагы сенатор-демократ Шеррод Браун учурдагы сенатор-республикачы Жон Хастедди жеңип алды. Түндүк Каролинада мурдагы губернатор Рой Купер Майкл Уотлини жеңди. Түштүк Каролинада дагы демократтар  республикачылардан орун тартып алышты.

Ошону менен бирге Демократиялык партия Жоржия жана Нью-Гэмпширде маанилүү позицияларын сактап калды.

Шайлоого чейин республикачылар Сенатты көзөмөлдөп, демократтардын жана аларды колдогон көз карандысыз сенаторлордун 47 мандатына каршы 53 орунга ээ болушкан. Көпчүлүккө ээ болуу үчүн демократтар буга чейин республикачыларга таандык болгон кошумча төрт орунду алышы керек болчу.

Сенаттын демократтардын көзөмөлүнө өтүшү Вашингтондогу күчтөрдүн тең салмактуулугун олуттуу өзгөртөт. Партия президенттин дайындоолоруна, анын ичинде федералдык судья кызматына талапкерлерге бөгөт коё алат, ошондой эле Трамптын администрациясына карата парламенттик көзөмөлдү күчөтө алат.

Буга чейин Демократиялык партиянын өкүлдөрү Конгрессте көпчүлүккө ээ болгон учурда президент Дональд Трампка, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана администрациясына карата чоң масштабдагы иликтөө баштоо ниетин билдиришкен.

Ошол эле учурда Өкүлдөр палатасы үчүн да күрөш уланууда, ал жерде да демократтар ийгиликтерге жетишүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз