«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору кызматынан бошотулду

Илгиз Сыдыгалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору кызматынан бошотулду. Мындай чечимди 2-ноябрда компаниянын директорлор кеңеши кабыл алды.

Ошондой эле кеңештин чечими менен Искандер Адиев башкы директордун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары кызматынан  бошотулду. Анын ордуна Гүлжигит Мурзакаримов дайындалды.

Илгиз Сыдыгалиев «КУЭТ» ААКтын башкы директору кызматын 2025-жылдын 26-августунан бери ээлеп келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз