Президенттике талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган төртүнчү адам БШКга арыз берди
Бүгүн, 4-ноябрда Кыдыров Акай Имаралиевич президенттик кызматка талапкерлигин көрсөтүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин мындай арыз менен Касенов Аймен Абдыталипович, Эсенбеков Азамат Эсенбекович жана Жапыкеев Сыймык Асылбекович кайрылган.
Талапкер болууну каалаган жарандардын арызы 13-ноябрга чейин кабыл алынат. Ал эми президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

