"Супарадагы" өрттөн улам 3 адам жабыркады

Чүй облусунун Чуңкурчак жайлоосундагы «Супара-2» этнокомплексинде чыккан өрттүн кесепетинен үч адам жабыркады. Алар иске ууланганын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

Жабыркагандар Тез жардам ооруканасына жеткирилди. Экөө дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга үйүнө кетти, бирөө ооруканага жаткырылды. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Өрт 4-ноябрда кечинде этнокомплекстин ашканасында чыккан. Өрт 350-400 чарчы метр аянтты каптаган, ошондой эле бир жыгач боз үй күйүп кеткен. Чүй ОИИББинин алдын ала маалыматы боюнча, өрт мештин морунан чыккан.

Аны өчүрүүгө өрт өчүрүүчү 3 унаа тартылган. Окуя боюнча соттук-өрт-техникалык экспертиза дайындалды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз