Түркиядагы металлургиялык заводдогу жарылуудан улам 17 адам каза болду

Түркиянын HABAŞ металлургиялык заводунда кубаттуу жарылуу болуп, анын кесепетинен 17 адам каза тапты. Дагы 13 жумушчу жаракат алды. Алардын экөөнүн абалы оор. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Кырсык 9-ноябрда түшкө жакын Түркиянын батышындагы Измир провинциясынын Алиага районунда болгон. Жарылуудан кийин заводдун аймагында өрт чыккан. Окуя болгон жерге куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр, дарыгерлер жана полиция кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык заводдо оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда болгон. Көпүрө тибиндеги кран кулап, анын конструкциялары электр жаа мешине түшкөн. Натыйжада газ түтүгү жабыркап, күчтүү жарылуу болуп, андан соң өрт чыккан.

Измир провинциясынын губернатору Сулейман Элбан кырсык болгон учурда заводдо техникалык иштерге байланыштуу өндүрүш токтотулганын билдирди. Окуя учурунда ишкананын аймагында 200дөй адам болгон. Адатта заводдо 300дөн ашык кызматкер эмгектенет.

Жарылуунун кесепетинен заводдун айрым курулуштары урап түшкөн. Куткаруучулар урандыларды тазалап, дайынсыз жоголгондорду издешкен. Өрт толугу менен өчүрүлүп, жаракат алгандар ооруканаларга жеткирилген.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кырсык боюнча соттук жана административдик иликтөө башталганын билдирди.

«Элибизди терең кайгыга салган бул каргашанын себептери жана жагдайлары, ошондой эле мүмкүн болгон шалаакылык фактылары жана ага күнөөлүү адамдар аныкталат», — деди Эрдоган.

Түркиянын жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, иликтөөнүн алкагында беш адам кармалган. Эми укук коргоо органдары кырсыктын келип чыгуу себептерин жана өндүрүштүк коопсуздук талаптары бузулган-бузулбаганын аныкташы керек.

HABAŞ — Түркиядагы ири болот өндүрүүчү компаниялардын бири. Завод Измир провинциясынын Алиага өнөр жай аймагында жайгашкан. Ишкананын жылдык болот өндүрүү кубаттуулугу болжол менен 4,5 миллион тоннаны түзөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз