Кайынды шаарынын тургуну УКМКнын басымы менен пара алуу фактысын моюнга алганын президентке айтты
Кайынды шаарынын тургуну, Жайыл райондук прокуратурасынын мурдагы кызматкери Назира Өмүрбекова президент Садыр Жапаровго кайрылып, өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин адилет кароону суранды, деп жазат "Баракелде" басылмасы.
Өмүрбекованын айтымында, 2024-жылдын сентябрында аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгы Чолпон-Ата шаарында эмгек өргүүсүндө жүргөн кезинде кармаган. Ал УКМК тарабынан басым көрсөтүлүп, 4 берене боюнча айып тагылганын, бирок тергөө менен келишим түзүп, пара алуу беренеси боюнча гана күнөөсүн мойнуна алууга аргасыз болгонун билдирди. Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн.
Өмүрбекова Жайыл райондук прокуратурасында жарым жылдай иштеген. Анын айтымында, ал бир Н.Ш. аттуу жаранга 40 миң сом карызга берген, ал акча кайтарылып, электрондук капчыгына которулган учурда кармалган. Карыз тууралуу тил кат жок, бирок күбөлөрү бар экенин, алардын бири Россиянын жараны экенин айтты. Келин Н.Ш. мурда да ушундай жол менен башка адамдарды карматканын билдирди.
Чүй облусунун прокурору фактынын аныкталганын айтты. Анын маалыматы боюнча, Өмүрбекова Жайыл райондук прокурорунун жардамчысы болуп иштеп жүргөндө соттолуучудан акча алып жаткан жеринен кармалган. Иш тергелип, сотко жөнөтүлүп, өкүм чыгарылган. Кийин өкүм жокко чыгарылып, иш азыр Чүй облустук сотунда кайра каралып жатат. Прокурор бул ишке өзү тиешеси жок экенин кошумчалады.
Садыр Жапаров прокуратура менен сотко ишти адилет кароону тапшырды.
«Эгерде бул айымдыкы туура болсо, туура деп чыгаргыла», - деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

