Ак үйдүн соц.тармактагы жашыруун чатындагы сүйлөшүү: Майк Уолц журналисттин чатка кошулуп калганы анын айыбы экенин айтты

АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жашыруун кат алышуулардын жарыяланып кетишинен кийин Fox News телеканалына маек курду. Бул кат алышууларда өлкөнүн жогорку даражалуу аткаминерлери Йеменде аскердик операцияларды пландоо маселесин талкуулашкан. Уолц болгон окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

«Караңызчы, бул үчүн кызматкер жооптуу эмес. Мен толугу менен жоопкерчиликти алам. Мен өзүнчө топ түзгөм, жана менин ишим — баары так координацияланганына көзөмөл жүргүзүү», — деди Уолц.
 
Президенттин кеңешчиси анын телефонундагы байланыштар тизмесине The Atlantic журналынын башкы редактору Жеффри Голдбергдин номери кантип кошулуп калганын билбей турганын билдирди. «Албетте, мен бул шордуу адамдын топто бар экенин көргөн эмесмин. Ал башка бирөө сыяктуу көрүнгөн. Ал атайылап кошулдубу же кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүк болдубу — биз муну аныктоого аракет кылып жатабыз», — деди ал интервью маалында. Ошондой эле, ал Голдберг менен байланышпастыгын белгилеп, аны «жалганчы, пайдасыз адам жана абройу начар киши» деп атады.
 
АКШ президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Fox News телеканалына берген комментарийинде Уолц кызматтан алынбай турганын билдирди. Айрым демократтар бул улуттук коопсуздуктун бузулушу деп эсептеп, Уолцту жана коргоо министри Пит Хегсетти кызматтан кетүүгө чакырган.
 
«Аны кызматтан алышпайт», — деди Трамп. Ал окуяны «каталык» деп атаганына карабастан, Signal мессенжериндеги сүйлөшүүлөрдө «маанилүү эч нерсе» болбогонун белгиледи.
 
«Майк Уолц сабак алды, жана ал жакшы адам», — деди Трамп NBC News каналынын кабарчысына.
 
NBC News маалыматына ылайык, америкалык лидер өз командасына ишенерин билдирип, The Atlantic менен болгон чатакка алып келген окуяларга нааразы эместигин айтты. Трамп бул кырдаалды «акыркы эки айдагы жалгыз кемчилик» деп атап, анын олуттуу таасири болбогонун кошумчалады.
 
Жаңжал 24-март күнү The Atlantic журналынын башкы редактору Жеффри Голдберг өз макаласын жарыялаганда башталган. Ал макалада анын Signal мессенжериндеги жабык топко кокусунан кошулуп калганын жазган. Голдбергдин айтымында, бул топто Пентагондун жогорку кызматкерлери АКШнын аскердик операцияларын, айрыкча, Йеменге жасала турган соккуларды талкуулашкан. Журналист кеңешчинин шалаакылыгына жана ошондой эле, мындай купуя маалыматтардын Signal аркылуу бөлүшүлгөнүнө нааразы болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз