Республикачылар Өкүлдөр палатасындагы АКШнын коргоо министрине импичмент берүү сунушуна каршы чыгышты
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы коргоо министри Пит Хегсетке импичмент жарыялоо аракетин токтотту. Буга республикачылардын добушу себеп болду. Reuters агенттиги билдиргендей, алар демократтар келерки жылы Конгрессте көпчүлүк орунга ээ болгонго чейин бул маселени кароону жылдырууга жетишти.
Өкүлдөр палатасы импичмент жарыялоо боюнча сегиз беренени республикачылар көзөмөлдөгөн Юридикалык комитетке өткөрүү сунушка 211и каршы болсо, 204ү колдоду.
Импичмент демилгесин көтөргөн республикачыл конгрессмен Томас Мэсси Хегсеттин саясатына нааразы болгон жана Иран менен согуштун эл арасында колдоого ээ болбой жатканына тынчсызданган партиялаштарынын колдоосуна үмүт арткан. Бирок ага бир дагы республикачыл кошулган жок.
Ал эми демократтар импичмент жарыялоо аракетин толук колдошту. Ошентсе да алардын 11и, анын ичинде Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Нэнси Пелоси добуш берүүгө катышкан эмес.
АКШ президенти Дональд Трамп добуш берүүнүн жыйынтыгын кубаттап, Хегсетке импичмент жарыялоо аракети «толук кыйраганын» билдирди. Ошондой эле ал министрдин Иран, Венесуэла жана башка маселелер боюнча жүргүзгөн саясаты «улуу америкалык патриоттун ак экенин далилдегенин» айтты.
Эгер импичмент жарыяланса, Пит Хегсет АКШнын мындай жол-жобого кабылган алгачкы коргоо министри болмок. Америкалык Куралдуу күчтөрдүн жарандык жетекчисине акыркы жолу 1876-жылы импичмент жарыяланган. Анда бул кызматты Уильям Белкнап аркалап турган.
Өткөн аптада өткөн аралык шайлоодо демократтардын Конгрессте көпчүлүк орунга ээ болушуна шайлоочулардын Иран менен согушка карата нааразылыгы да таасир эткен.
Шейшемби күнү жарыяланган Reuters/Ipsos сурамжылоосунун жыйынтыгына ылайык, америкалыктардын басымдуу бөлүгү январь айында ишке кирише турган демократтар үстөмдүк кылган жаңы Конгресс Иран менен согушту биротоло токтотуу боюнча чараларды көрүшүн каалайт.
Добуш берүү алдында Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Хаким Жеффрис Пит Хегсетти бийлигинен кыянаттык менен пайдаланган, АКШнын улуттук коопсуздугуна доо кетирген жана Ирандагы негизсиз, кооптуу жана чыгымы көп согуштун башкы уюштуруучусу деп айыптады.
Жеффрис Конгресстин мүчөлөрү менен сүйлөшүп, жаңы чакырылышта Хегсетке импичмент жарыялоо аракетин кайра баштоо маселесин талкуулай турганын билдирди.
Демократтардын демилгеси менен башталышы мүмкүн болгон жаңы импичмент жараяны кыйла олуттуу мүнөзгө ээ болушу ыктымал. Мыйзам чыгаруучулар Хегсет кызматтан бошоткон жогорку даражалуу аскер жетекчилерин, анын ичинде генералдар менен адмиралдарды көрсөтмө берүүгө чакырышы мүмкүн. Алар буга чейин бул маселе боюнча унчукпай келишкен.
Мындан тышкары, демократтар шайлоочуларды тынчсыздандырган башка маселелерди да көтөрө алышат. Алардын катарында Пентагондун Украинага карата саясаты жана АКШ аскерлеринин Кариб деңизинде, ошондой эле Тынч океанда мыйзамсыз баңгизат ташууга тиешеси бар деп шектелген кемелерге жасаган соккулары бар.
Ал эми Пит Хегсет өзүнө коюлган айыптоолорду четке кагып, импичмент аракетин «фарс» деп атады.
«Тарых Ирандагы согушка бүгүн коомдук пикирде калыптанып жаткан баадан таптакыр башкача баа берет», — деди коргоо министри Пентагондогу маалымат жыйынында.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

