Шергазы Болотбек уулу «OCTAGON» турниринде өзбекстандык мушкерди 31 секундда нокаутка учуратты
Кыргызстандык мушкер Шергазы Болотбек уулу (5-0) карьерасындагы кезектеги жеңишине ээ болду.
10-ноябрда ал Бишкекте «OCTAGON 93» турниринде беттешти. Анын атаандашы өзбекстандык Абзолбек Исахжонов (7-4) болду.
Беттеш кыргызстандыктын так соккусунан кийин 31-секундада токтотулду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

