Пенсиялык реформанын экинчи баскычы кандай өтөт?

Пенсиялык чегерүүлөрдүн топтоочу бөлүгүн 2%дан 10%га чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат, деп билдирди Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев брифингде.

Анын айтымында, бул пенсиялык реформанын экинчи баскычынын варианттарынын бири, ал 10 жылдын ичинде биргелешкен-топтоочу системага өтүүнү караштырышы мүмкүн.

«Азыр ведомство Каржыы министрлиги менен бирге эсептөөлөрдү жүргүзүп жатат, анткени жаңы системага өтүү республикалык бюджеттен кошумча каражатты талап кылат», - деди ал.

Алиев учурда пенсиялык чегерүүлөрдүн 27%ынан топтоочу бөлүккө 2% гана багытталарын түшүндүрдү. Соцфонд бул катышты өзгөртүп, чегерүүлөрдү тең бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Ошону менен бирге өткөөл мезгилде Пенсиялык фондго түшкөн жүк көбөйүшү мүмкүн, анткени каражаттын бир бөлүгү пенсионерлерге учурдагы төлөмдөргө эмес, топтоочу эсептерге багытталат. Фонддун өз каражаты жетишсиз болуп калса, республикалык бюджеттин колдоосу талап кылынат.

«Эгер Каржы министрлиги бул демилгени 10 жылдын ичинде колдосо, биз биргелешкен-топтоочу системага толук өтө алабыз», - деди Алиев.

Анын айтымында, жаңы системага өткөндөн кийин жарандарга пенсияга чыкканда базалык пенсия дайындалат. Ошол эле учурда алар эки варианттын бирин тандай алышат: топтолгон каражатты системада калтырып, камсыздандыруу пенсиясын алуу же бардык топтолгон каражатты бир жолку кылып алып коюу. Экинчи учурда аларга базалык пенсия гана төлөнөт.

Алиев реформанын акыркы параметрлери дагы иштелип жатканын айтты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз