1-январдан тарта целлофан баштыктарды колдонууга тыюу салынат
2 айдан кийин бүткүл Кыргызстан боюнча целлофан баштык колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда Бөкөнбаев айылынан Эдил аттуу жеке ишкер кайрылып, 2023-жылдагы экологияны коргоо боюнча жарлыктан кийин крафттан жасалган баштык, башкача айтканда кагаз баштык чыгаруучу ишкана ачканын айтты.
«2 ай болду. Багытыбыз Ысык-Көл облусу болгон, таратып, дүкөндөрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок мамлекет тарабынан колдоо болбосо... 1-2-жылы баары өтүптүр, бирок Көчмөндөр оюндары болуп алаксып кетиштиби, кайра эле целлофанга өтүп кетишти», - деди ишкер.
Президент 1-январдан тарта бүт республика боюнча целлофан баштыкка тыюу салынарын айтты.
«Чүй, Ысык-Көл облустарына, керек болсо Ош, Жалал-Абад, бардык жерде ачкыла», - деди мамлекет башчысы.
Ал ишкерге жардам көрсөтүүнү убадалап, аны жеке кабыл аларын айтты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

