Ош шаарында “Жаңы муун—жаркын келечек, таза муун—коопсуз келечек” форуму өттү

Ош шаарында жаштарды билимге, өнүгүүгө жана укуктук тарбияга чакырган “Жаңы муун—жаркын келечек, таза муун—коопсуз келечек” аталышындагы форум өттү. Иш-чара 26-март күнү Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында уюштурулуп, студенттер жана окуучулар үчүн өткөрүлдү.

Форум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын” негизинде жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планынын алкагында уюштурулган. Анын негизги максаты—жаштарды тарбиялоо, туура маалымат берүү, окууга жана тынымсыз өнүгүүгө шыктандыруу, ошондой эле алардын коомго пайдалуу инсан болуп калыптанышына багыт берүү болду.
 
Иш-чарага ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Ош ШИИБдин башчысы милициянын полковниги Дамирбек Исаков, Ош ШИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Камчыбек Бокоев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайларынын жетекчилери, спортчулар жана жаштар катышты.
 
Форумдун жүрүшүндө Ош ШИИБдин кызматкерлери коомдук көчмө кабылдамалардын аткарган иштери тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, кинология борборунун кызматкерлери кызматтык иттердин кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ролун түшүндүрүп беришти, ал эми атайын операциялар отрядынын кызматкерлери кылмышкерлерди кармоо боюнча машыгууларын көрсөтүштү.
 
Мындан сырткары, Ош ШИИБи тарабынан интернет алдамчылыгы жана баңгизаттардан оолак болууга чакырган видеороликтер көрсөтүлүп, жаштарды кылмыштуулуктун алдын алууга чакырган кыска видеотасмалар тартууланды.
 
Форумдун алкагында кадырлуу инсандар, спортчулар, маданият жана медицина өкүлдөрү жаштарга өзүнүн ийгиликтери тууралуу баяндап, аларды укук бузуулардан алыс болууга чакырышты. Оштогу Султан Ибрагимов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын чыгармачыл жамааты кылмыштуулуктун жаштарга тийгизген кесепетин көрсөткөн сахналаштырылган спектаклди аткарып беришти.
 
Иш-чаранын соңунда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатууга салым кошкон активдүү жарандарга жана жаштардын өкүлдөрүнө министрликтин сыйлыктарын тапшырды. Форум жаштар тарабынан уюштурулган кылмыштуулукка каршы флешмоб менен жыйынтыкталды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз