Ош: Облустук милиция жаштардын форумун уюштурду

26-мартта Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек” аталышындагы форум өттү. Иш-чарага Ош облусундагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана мектеп окуучулары катышты.

Форум Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик саясаттын концепциясын жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган Улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруу алкагында уюштурулду.
 
Форумдун ишине ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары Эрнист Айдаралиев, Илимбек Кубанычбеков, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Нурланбек Бурханов жана башка расмий өкүлдөр, ошондой эле 450гө жакын студент жана окуучу катышты.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп рэкетчилигине аралашып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган өспүрүмдүн тагдыры жөнүндө кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында интерактивдүү оюндар уюштурулуп, театрлаштырылган көрсөтмөлөр коюлду.
 
Форумдун жүрүшүндө жаштарды экстремизмге жана баңгизаттарга азгырылуудан оолак болууга чакырып, мектеп рэкетчилигинин алдын алуу боюнча маалыматтар берилди. Андан соң студенттер менен окуучулар өз ойлору менен бөлүшүп, коомдук коопсуздук жана жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча суроолорун узатышты.
 
Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары, белгилүү спортчулар, журналисттер, маданият өкүлдөрү жана юристтер ийгиликке жетишүүнүн жолдору тууралуу ой бөлүшүп, жаштарга турмуштук максаттарды коюунун жана терс көрүнүштөрдөн алыс болуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
 
Форумдун жыйынтыгында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш-чаранын максаты жана мааниси тууралуу айтып, анын жаштарга тийгизген таасирин баса белгиледи. Ал форумга активдүү катышкан студенттерге жана уюштуруучуларга ИИМдин жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдирип, сыйлыктарды тапшырды.
 
Форум жаштардын флешмобу менен жыйынтыкталды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз